БИШКЕКТЕ «МИЛИЦИЯНЫН ЖАШ ДОСУ» КАРОО-СЫНАГЫ БОЛУП ӨТТҮ

  • 08.12.2022
  • 0

Бишкек шаарынын Ленин районундагы №84 мектептин базасында «Милициянын жаш досу» (МЖД) сынагы болуп өттү.

 

БИШКЕКТЕ «МИЛИЦИЯНЫН ЖАШ ДОСУ» КАРОО-СЫНАГЫ БОЛУП ӨТТҮ

Мелдешке Ленин районунун 10 мектеби катышып, 8-9-10-класстын окуучулары катышты.

Окуучулар  милиция жөнүндө мыкты ыр, агитация, составда басуу, капитандардын «Биздин жоокер бардык жерде мыкты» аттуу сынактарында күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга төмөндөгүлөр ээ болушту:

1-орун  №8 мектеп, 2-орун  №84 мектеп, 3-орун  №31 жана №44 мектептер.

Мелдештин максаты жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында укук бузуулардын алдын алуу, өсүп келе жаткан муундун позитивдүү адилеттүүлүк сезимин тарбиялоо, өспүрүмдөрдүн иш менен камсыз болушун жана эс алуусун уюштуруу боюнча «Милициянын жаш досу» отряддарынын ишмердүүлүгүн активдештирүү болуп саналат.

Шилтеме: https://www.meria.kg/ky/post/25791

Бөлүшүү

Комментарийлер