БИШКЕКТЕ МЕКТЕПТЕГИ ШАРТТАРДЫ ЖАКШЫРТУУГА 238 МИЛЛИОН СОМ ЖУМШАЛДЫ

  • 09.09.2025
  • 0

Бишкек шаарында мектеп жетпей, балдар ашыкча шыкалып окуп жатканы жөнүндө кабарлар байма-бай чыгып жатканда, мэрия мектептеги шарттарды жакшыртуу боюнча көп иштер жасалып жатканын билдирүүдө.

Баш калаанын вице-мэри В. Мозгачеванын маалыматына караганда, акыркы үч жылда борбор калаадагы мектептерди оңдоого жергиликтүү бюджеттен 238 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Бул каражаттар төмөнкү иштерге жумшалды:

  • иштеп жаткан мектептерди жабдууга, материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана жаңылоого;
  • жаңы кошумча корпустарды курууга;
  • заманбап STEM-билим берүүнү өнүктүрүүгө.

Ошентип, билим берүү мекемелериндеги капиталдык оңдоо иштери менен катар, окуу шарттарын жакшыртуу боюнча системалуу жана пландуу иштер улантылууда.

(Б К)

 

Бөлүшүү

Комментарийлер