БИШКЕКТЕ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН ШААРДЫК ОЛИМПИАДАСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

  • 28.05.2026
  • 0

Бүгүн, 28-майда №69 мектеп-гимназиясында интеллектуалдык таймаштын мыктыларын салтанаттуу түрдө куттуктоо аземи өттү. Мектеп окуучуларынын шаардык олимпиадасында алдыга озуп чыккандарды куттуктоого Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, борбордогу мектеп жетекчилери жана окуучулар катышты.

Бул жолку шаардык этапта жалпысынан 89 окуучу багын сынаган. Алардын ичинен кыйындын кыйыны аталып, биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарды багындырган 61 окуучу байгелүү орундарга татыды. Таймашта өзгөчөлөнгөн улан-кыздарга ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Окуучулары командалык эсепте эң көп байге топтогон 7 мектептин директору да көңүл сыртында калган жок — аларга да өзгөчө сыйлыктар берилди.

Мындай предметтик олимпиадалар таланттуу жаштарды таап, аларды колдоого гана шарт түзбөстөн, борбор калаадагы билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө чоң өбөлгө болот.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер