КЫТАЙ–КЫРГЫЗСТАН ДОСТУГУНА АРНАЛГАН ВИДЕОРОЛИКТЕР СЫНАГЫ БАШТАЛДЫ

  • 21.10.2026

Ош технологиялык университетинде “Кытай–Кыргызстан достугу” аттуу эл аралык кыска метраждуу видеороликтер сынагы башталды.

Иш-чараны ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев ачып берип, өз сөзүндө Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелердин жана маданий байланыштардын маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле ОшТУнун Кытайдын жогорку окуу жайлары жана мекемелери менен кызматташтыгы тууралуу айтып, сынактын катышуучуларына ийгилик каалады.

Иш-чара Ош технологиялык университети, Кытайдагы ZGUC Guangsha University жогорку окуу жайы жана Бишкектеги Кытай маданий борбору тарабынан уюштурулууда.

Сынакка жогорку окуу жайлардын студенттери, кызматкерлери, ар кандай мекемелердин өкүлдөрү жана медиа тармагында эмгектенген адистер катышууда.

Иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы достукту, маданий байланышты жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого, ошондой эле жаштардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү