Бишкекте мектеп директору пара алып жаткан жеринен кармалды

  • 30.08.2023
  • 0

Бишкектин мектептеринин биринин директору акча каражатын пара катары алып жатканда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Бишкекте мектеп директору пара алып жаткан жеринен кармалды

Маалыматка ылайык, директор билим берүү тармагынын башка кызматкерлери менен келишим түзүп алып, балдарды биринчи класска кабыл алуу боюнча коррупциялык схеманы уюштуруп алгандыгы аныкталды.

УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, аталган мектептин директору К.А.Т. тергөө учурундагы камак жайга киргизилди.

Директор К.А.Т. билим берүү тармагынын башка кызматкерлери менен келишим түзүп алып, балдарды биринчи класска кабыл алуу боюнча коррупциялык схеманы уюштуруп алган.

Натыйжада ал баланы 1-класска киргизгени үчүн ата-энесинен опузалап акча талап кылган, эгер баш тартса, баланы мектепке киргизбейм деп коркуткандыгы белгиленди.

Бөлүшүү

Комментарийлер