БИШКЕКТЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ КВАЛИФИКАЦИЯЛАРДЫН УЛУТТУК СИСТЕМАСЫН ТАЛКУУЛАШТЫ

  • 31.01.2020
  • 0

Бишкек шаарында болуп өткөн “Квалификациялардын улуттук системасы: Кыргыз Республикасында адамдык дараметти өнүктүрүү үчүн негиз” аттуу тегерек столдо квалификацияларды, алардын адам ресурстарын өнүктүрүүдөгү функцияларын жана кесиптик билим берүү системасындагы реформаларды түшүнүүнүн заманбап мамилелери талкууланды.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуровдун айтуусу боюнча иш-чаранын максаты – Квалификациялардын улуттук системасын ишке киргизүү боюнча макулдашылган биргелешкен аракеттерди аткаруу үчүн иш берүүчүлөр ассоциацияларынын, эл аралык уюмдардын, донорлордун жана мамлекеттик органдардын маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

“Квалификациялардын улуттук системасы – билим берүү жана эмгек рыногу чөйрөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн камсыздоого мүмкүндүк берүүчү механизмдердин жыйындысы. Ал өзүнө квалификациялардын улуттук алкагын, квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарын, кесиптик жана мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана аларды таануу процедураларын, билим берүү уюмдарынын жана программалардын квалификацияларын баалоо системаларын камтыйт. КУСту ишке киргизүү “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” программасынын колдоосу менен жүргүзүлүүдө”, — деди ал.

Квалификациялардын улуттук системасын талкуулоого Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Маалымат үчүн: “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” программасы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылат жана үч негизги максатка ээ:

  1. Кесиптик техникалык билим берүү системасын башкарууну жана каржылоону чыңдоо.
  2. Окутуу жана билим берүү чөйрөсүнүн сапатын жакшыртуу.
  3. Өндүрүш менен кызматташууну кеңейтүү жана кесиптик билим берүү системасында окутууда ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү.

 Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер