БИШКЕКТЕ «КООПСУЗДУКТУ КОРГООЧУ ЖАШТАР» КАРОО-СЫНАГЫ ӨТТҮ
- 30.10.2026
- 0
Ч. Айтматов атындагы №117 мектепте 4-класстардын арасында «Коопсуздукту коргоочу жаштар» аттуу командалык кароо-сынак өттү. Иш-чара балдардын жол кыймылы, өрт коопсуздугу жана жеке гигиена боюнча билимдерин бекемдөөгө багытталды. 
Сынакка 11 команда катышып, алар «Жол кыймылынын жаш инспекторлору», «Айболиттин жаш достору» жана «Жаш өрт өчүрүүчүлөр» багыттары боюнча күч сынашышты. Катышуучулар ураандарын тааныштырып, саптык даярдыгын, эмблемасын, ошондой эле кырдаалдык тапшырмалар боюнча сахналык көрүнүштөрүн көрсөтүштү. 
Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө диплом жана грамоталар тапшырылды. Ал эми кароо-сынагынын экинчи этабы 2026-жылдын ноябрь айында аталган мектептин базасында өткөрүлөт.
А.К., «КБ»


