БИШКЕКТЕ КИМ БИРИНЧИ?

  • 30.08.2022
  • 0

Бишкек шаарында мектеп директорлугу үчүн сынакка катышкан 129 талапкердин 62% же 79у босого баллдан өттү. Талапкерлер 61 бош орун үчүн күч сынашкан. Билим берүүнүн сапатын баалоо борборунан алынган маалыматка ылайык, айрым мектептердин директорлук кызматы үчүн 8-10 талапкер атаандаш болду.

БИШКЕКТЕ КИМ БИРИНЧИ?

Билим берүүнүн сапатын баалоо борборунун жетекчиси Бактыгүл Шамшидинова Бишкек шаары боюнча 61 мектепке 181 талапкер документ тапшырып, анын 49унун документи жарабай калганын, жалпысынан 131 адам сынакка кирүүгө уруксат алып, бирок тестке 129 киши келгенин билдирди.

Республика боюнча өткөн директорлорду тандоо сынагынын жүрүшүндө эң жогорку пайыздык көрсөткүчкө 56 жаштагы Эрмек Усекеев ээ болду. Ал тестирлөөдөгү 80 суроонун 70ине туура жооп берди. КУУнун юридика факультетинин деканынын орун басары болуп иштеген Эрмек Усекеев №61 мектеп-лицейинин директорлук оруну үчүн сынакка катышкан.

Соңку маалыматтарга ылайык республика боюнча тестирлөөгө катышууга мүмкүнчүлүк алган 1371 талапкердин 486сы босого баллдан жогорку көрсөткүчкө ээ болгон.

Бөлүшүү

Комментарийлер