БИШКЕКТЕ ИШКЕРЛИК КӨРГӨЗМӨЛҮК БОРБОР КУРУЛАТ

  • 14.12.2022
  • 0

8-9-декабрда жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынынын алдында Бишкек инвестициялык саммити өткөрүлдү. Ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Эл аралык компаниялардын жана 12 өлкөнүн каржылык институттарынын жетекчилери катышты. Талкууга коюлган башкы темалар – инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу преспективалары жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүүсү.

БИШКЕКТЕ ИШКЕРЛИК КӨРГӨЗМӨЛҮК БОРБОР КУРУЛАТ

Саммиттин алкагында пленардык отурумудар, илимий-практикалык конференциялар, тегерек столдор, панелдик талкуулар орун алды. Мына ошондой талкууга коюлган темалардын бирин “Астана” Эл аралык каржылык борбору (АЭКБ) демилгеледи: “Туруктуу бекем инвестициялык чөйрөнү түзүү”. Талкуулардын модератору АЭКБнын Жашыл каржылар борборунун Башкы директору Айдар Казыбаев болду.

Кыргызстандын Программалык камсыздоо жана кызматтарды иштеп чыгуучулар ассоциациясы катышуучуларга “Инвестицияларды тартуунун шартында IT рыногунун көйгөйлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү. IT шаарчаны жаратуу” бет ачарын тартуулады. “Ишкерлик көргөзмөлүк борбору жана инвестициялык-каржылык хаб” долбоору технологиялык долбоорлорго инвестицияларды тартуу маселелери, анын ичинде эркин экономикалык аймактар боюнча да мыкты адистердин коштоосунда иштелип чыккан. Ал боюнча көргөзмөлүк мейкиндиктерден, конференц-залдардан жана 1200 кишиге ылайыкташкан конгресс-холлдордон турган заманбап бизнес-комплексти куруу каралган. Бишкекте ишкерлик көргөзмөлүк борборун жана каржылык-инвестициялык хабды жаратуу долбоору төмөнкү максаттарды көздөйт: Кыргызстанда Эл аралык ишкерлик активдүүлүк үчүн шарттарды түзүү; Эл аралык ири инвесторлор менен өнөктөштөрдү тартуу; Кыргызстандын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн өсүшүнө көмөктөшүү; Кыргызстандын кадрдык дараметин жогорулатуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү; Бизнести, жашыл каржыларды, заманбап технологияларды, социалдык жана башка улуттук программалар менен пландарды өнүктүрүү. Долбоор АЭКБнын Жашыл каржылар борбору тарабынан Кыргызстандагы ЭЭАларды өнүктүрүү боюнча Борбор-Азиялык корпорация менен өнөктөштүктө иштелип чыккан.

5 жыл ичинде курулуп бүтүрүлүүсү пландаштырылып жаткан борбор кеткен чыгымдарды 25 жылда актап, жаңы 6000 жумуш ордун камсыздоо менен бюджетке жыл сайын 22 миллион доллар салык төлөп турмакчы.

БИШКЕКТЕ ИШКЕРЛИК КӨРГӨЗМӨЛҮК БОРБОР КУРУЛАТ

Талкууларга ASER инвестициялык-консалтингдик компаниясынын директорунун орун басары Александр Кондрашонок, IT коомчулугун өкүлү Айпери Ногойбаева, Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медетбек Назаралиев, Namba Group компаниясынын негиздөөчүсү Аман Тентиев, “АСС” архитектуралык-дизайнердик студиясынын директору Юрий Смирновдор катышты.

Алар өлкөбүздөгү инвестициялык климатка мыйзам чыгаруучулук база, каржылоо шаймандары, шаар куруу инфраструктурасы кандай таасир этерин талкуулашты.

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө 400дөн ашуун инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга катышкан, башкаруучулук жана каржылык консталтинг тармагында чоң тажрыйбага ээ Александр Кондрашонок мындай долбоор Кыргызстанга жана Бишкекке талашсыз түрдө керек экендигин айтты: “Бул эң жаңы жана заманбап архитектуралык чечимдерди колдонуу менен курула турган кооз объект. Ошондой эле бул экономикага керек. Анткени мындай борборду жаратуу ийгиликтүү бизнес менен алектенген капиталы бар компанияларды тартат. Өз кезегинде бул жергиликтүү рынокко оң таасирин тийгизет”.

“Кыргызстанда IT-компаниялар өтө көп. Быйылкы жылдын март айынан тарта релоканттардын агымы көбөйдү жана аларга кеңсе жана коворкинг-борборлор, ошондой эле иш-чара өткөрүү үчүн жайлар жетишпейт. Тартууланган долбоор абдан кызык, биздин көз-караш менен миссиябыз ага төп келет. Долбоор бизде ишке ашырылат деген үмүттөмүн. Биз буга чексиз кубанычта болобуз”,- деп оюн билдирди Айпери Ногойбаева IT шаарча куруу тууралуу айтып жатып.

Аман Тентиев Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандагы ишке ашырылган ар кандай долбоорлорунун тажрыйбасы менен бөлүштү. Анын айтымында, инвесторлор үчүн Кыргызстандын артыкчылыгы либералдык каржылык мыйзам чыгаруучулук болуп эсептелет: “Кыргызстандагыдай либералдуу каржылык мыйзамдар Борбор Азиянын башка бир да өлкөсүндө жок. Мына ушул нерсе инвестицияларды тартуунун кыймылдаткыч күчү болуусу керек. Андыктан биз мындан пайдаланышыбыз зарыл.

БИШКЕКТЕ ИШКЕРЛИК КӨРГӨЗМӨЛҮК БОРБОР КУРУЛАТ

Өз сөзүндө “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАКынын президенти Медетбек Назаралиев кантип өнүккөн фондулук рынок инвестициялык жактан жагымдуулукту жарата ала тургандыгы тууралуу айтты. Ал белгилегендей, долбоорду ишке ашырууга керектелип жаткан 186 миллион АКШ доллары “узун” акча болуп, ал узак убакытка салынып жатат жана инвесторлорго укуктук жана каржылык жактан кепилдиктер керек. “Аталган борборду жаратуунун алкагында инвесторлор улуттук фондулук биржасынын активдүүлүгүнө, жергиликтүү калктын активдүүлүгүнө, жарандардын жергиликтүү компаниялардын ачык жана айкындыгына ишеним артуусуна карашат. Ири долбоорлор, ири инвестициялар аздан башталат – жергиликтүү деңгээлде кандай иш алып барылып жатат? Эгер биз компаниялар өз фондулук рыногунда инвестицияларды тартып, өз каржылык отчетторун ачып жатканын көрсөтө алсак, анда бул бизнестин өнүгүп жаткандыгынан кабар берет. Демек ал өлкөгө барса болот”.

“АСС” архитектуралык-дизайнердик студиясынын директору Юрий Смирнов “Инновациялык шаар куруу комплекстери – шаар чөйрөсү менен креативдүү экономиканын өнүгүүсүнүн негизи” бет ачарын тартуулады. Анда ал кантип заманбап архитектуралык чечимдер шаар инфраструктурасын өзгөртүп, инвестициялар үчүн жагымдуу кыла турганын көрсөтүп берди.

Талкуулардын жыйынтыгында “КРнын Президентинин алдындагы инвестиция боюнча улуттук агенттик менен Астана Эл аралык каржылык борборунун Жашыл каржылар борборунун ортосунда өз-ара түшүнүшүү жана кызматташуу тууралуу” Меморандумга кол коюлду. Документке КРнын Президентинин алдындагы инвестиция боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев менен Астана Эл аралык каржылык борборунун Жашыл каржылар борборунун Башкы директору  Айдар Казыбаев кол коюшту.

Документке кол коюлгандан кийин Умбриэль Темиралиев келишимдин ийгиликтүү ишке ашуусуна ишеним билдирип, агенттиктин инвестициялык долбоорго ар тараптан колдоо көргөзүүгө даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер