БИШКЕКТЕ ИЛИМДИН, ИННОВАЦИЯЛАРДЫН ЖАНА ӨНДҮРҮШТҮН ИНТЕГРАЦИЯСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 29.05.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 28-майда Бишкекте «Илимдин, инновациялардын жана өндүрүштүн интеграциясы жана өз ара аракеттенүүсү: маалыматтык системалардын натыйжаларын коммерциялаштыруу, алдыңкы тажрыйба жана перспективалар» темасында тегерек стол өткөрдү.

Онлайн жана офлайн форматтарда өткөн иш-чарага республикадагы жогорку окуу жайлардын илим боюнча проректорлору, илимий-изилдөө мекемелеринин директорлору, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева тегерек стол илимий мекемелер менен ишканалардын ортосунда карым-катнаштарды түзүүгө көмөктөшөрүнө ишенерин билдирди.

«Бул аянтча кесиптик тажрыйба алмашуу, илимдин, инновациялардын жана өндүрүштүн интеграциясы жана өз ара аракеттенүүсү үчүн аянтча болуп каларына, ошондой эле тегерек столдун сунуштары иш жүзүндө колдонуларына ишенем”, – деди ал.

Тегерек столдун катышуучулары жогорку окуу жайлар менен илимий-изилдөө институттарынын интеллектуалдык менчик объекттерин коммерциялаштырууда өз ара аракеттенүүсүн, өлкөнүн интеллектуалдык менчик жана инновациялык ишмердүүлүк системасын, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы жана илимий-изилдөө институттарындагы абал жана милдеттерди, илим менен өндүрүштү интеграциялоонун инновациялык моделин талкуулашты.

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин проректору Бекжан Төрөбеков инновациялык жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги тренддери тууралуу айтып берди. «Жогорку кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүү принциптери: баары үчүн өмүр бою билим алуу, натыйжага багытталуу, кадрларды окутуу жана даярдоо формаларынын көп түрдүүлүгүн жүзөгө ашырууну камтый турган бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо максатында жогорку билим берүү моделдерин кайра өзгөртүп түзүү, ошондой эле даярдалып жаткан адистердин компетенцияларын калыптандыруу жагына басым жасоо», – деди ал.

Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин «Сейсмочыдамдуу курулуш» илимий-изилдөө институтунун директору Раимкул Мендекеев мындай тегерек стол алгачкы жолу өткөрүлүп жатканын белгиледи.

«Бүгүн, тилекке каршы, илимдин өндүрүш менен тыгыз байланышы жок. Илимдин спецификасы пайданы дароо ала албаганыңда, изилдөөлөр керек. Ошол эле учурда биздин ишканалар баары бир иштеп чыгууларга, долбоорлоого кайрылышат. Буга биздин илимий-изилдөө институтубуз мисал. Камбар-Атаны реконструкциялаганда Россиядан 96 тонналык килтейген трансформаторду буйрутма кылганбыз. Бишкек-Ош жолундагы көпүрөлөрдүн көтөрө алар-албасын изилдегенбиз. Иш жүргүзүп, трансформаторду жеткирип беришкен», – деп айтып берди.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2021-жылдын 28-майында Бишкекте «Илимдин, инновациялардын жана өндүрүштүн интеграциясы жана өз ара аракеттенүүсү: маалыматтык системалардын натыйжаларын коммерциялаштыруу, алдыңкы тажрыйба жана перспективалар» темасында тегерек стол өткөрдү.

Онлайн жана офлайн форматтарда өткөн иш-чарага республикадагы жогорку окуу жайлардын илим боюнча проректорлору, илимий-изилдөө мекемелеринин директорлору, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева тегерек стол илимий мекемелер менен ишканалардын ортосунда карым-катнаштарды түзүүгө көмөктөшөрүнө ишенерин билдирди.

«Бул аянтча кесиптик тажрыйба алмашуу, илимдин, инновациялардын жана өндүрүштүн интеграциясы жана өз ара аракеттенүүсү үчүн аянтча болуп каларына, ошондой эле тегерек столдун сунуштары иш жүзүндө колдонуларына ишенем”, – деди ал.

Тегерек столдун катышуучулары жогорку окуу жайлар менен илимий-изилдөө институттарынын интеллектуалдык менчик объекттерин коммерциялаштырууда өз ара аракеттенүүсүн, өлкөнүн интеллектуалдык менчик жана инновациялык ишмердүүлүк системасын, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы жана илимий-изилдөө институттарындагы абал жана милдеттерди, илим менен өндүрүштү интеграциялоонун инновациялык моделин талкуулашты.

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин проректору Бекжан Төрөбеков инновациялык жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги тренддери тууралуу айтып берди. «Жогорку кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүү принциптери: баары үчүн өмүр бою билим алуу, натыйжага багытталуу, кадрларды окутуу жана даярдоо формаларынын көп түрдүүлүгүн жүзөгө ашырууну камтый турган бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо максатында жогорку билим берүү моделдерин кайра өзгөртүп түзүү, ошондой эле даярдалып жаткан адистердин компетенцияларын калыптандыруу жагына басым жасоо», – деди ал.

Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин «Сейсмочыдамдуу курулуш» илимий-изилдөө институтунун директору Раимкул Мендекеев мындай тегерек стол алгачкы жолу өткөрүлүп жатканын белгиледи.

«Бүгүн, тилекке каршы, илимдин өндүрүш менен тыгыз байланышы жок. Илимдин спецификасы пайданы дароо ала албаганыңда, изилдөөлөр керек. Ошол эле учурда биздин ишканалар баары бир иштеп чыгууларга, долбоорлоого кайрылышат. Буга биздин илимий-изилдөө институтубуз мисал. Камбар-Атаны реконструкциялаганда Россиядан 96 тонналык килтейген трансформаторду буйрутма кылганбыз. Бишкек-Ош жолундагы көпүрөлөрдүн көтөрө алар-албасын изилдегенбиз. Иш жүргүзүп, трансформаторду жеткирип беришкен», – деп айтып берди.

Бөлүшүү

Комментарийлер