БИШКЕКТЕ ХОККЕЙ БОЮНЧА КЫЗ-КЕЛИНДЕР АРАСЫНДА АЗИЯ-ОКЕАНИЯ КУБОГУ ӨТҮҮДӨ

  • 25.03.2024
  • 0

2БИШКЕКТЕ ХОККЕЙ БОЮНЧА КЫЗ-КЕЛИНДЕР АРАСЫНДА АЗИЯ-ОКЕАНИЯ КУБОГУ ӨТҮҮДӨ4-марттан бери Бишкек шаарындагы  “Бишкек-Арена” шаардык муз айдыңында шайба хоккейи боюнча кыз-келиндер арасында Азия жана Океания кубогу үчүн мөрөй талашуулар өтүүдө.

Бул тууралуу Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти, өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти Анвар Оморканов билдирди.

Азия жана Океания кубогунун ачылыш салтанатына  Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов,  «Жаштык» спорттун олимпиадалык түрлөрү жана спорттук массалык иш-чаралар дирекциясынын жетекчиси Урмат Асанбаев, Эл аралык хоккей федерациясынын вице-президенти Айваз Оморканов жана Кыргызстандын хоккей федерациясынын өкүлдөрү катышты. Ачылыш аземи эстрадалык артисттеринин концерти жана көркөм муз тебүү чеберлеринин өнөрү менен  коштолду.

Азия жана Океания кубогун жеңип алуу үчүн  Кыргызстан, Иран, Индия, Бириккен Араб Эмираттары жана Филиппин өлкөлөрүнүн кыз-келиндер командалары катышып, курч таймашуулар өтүүдө.

БИШКЕКТЕ ХОККЕЙ БОЮНЧА КЫЗ-КЕЛИНДЕР АРАСЫНДА АЗИЯ-ОКЕАНИЯ КУБОГУ ӨТҮҮДӨХоккей боюнча кыз-келиндер арасында Азия жана Океания Кубогу Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Жеңүүчүлөр 30-мартта аныкталат.

24-марттагы алгачкы беттешүүлөрдө Иран өлкөсүнүн командасы Бириккен Араб Эмираттарынын командасы 16:0 ири эсебинде жеңип, чеберчилигин көрсөтүштү. Экинчи беттешүүдө  Филиппин өлкөсүнүн командасы  Кыргызстандын кыздар командасын  7:4 эсебинде утуп алышты. Кыргызстандык хоккейчи кыздардын негизги атаандаштары ирандык кыздар болмокчу. Индиянын командасы Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) командасы менен беттешкени турат.

Алдыдагы беттешүүлөрдүн ирети төмөнкүдөй:

27-март:

  • Индия — Филиппин, 16.30 саат
  • БАЭ — Кыргызстан, 20.00 саат

29-март:

  • БАЭ — Филиппин, 16.30
  • Иран — Индия, 20.00

30-март:

  • Иран — Филиппин, 16.30
  • Кыргызстан — Индия, 20:00

Хоккей боюнча кыз-келиндер арасында Азия жана Океания Кубогу Кыргызстанда өтүп жатышы бул спортко жаштардын кызыгуусун ойготуп, кыздар арасында хоккейди жайылтууга себепкер болмокчу.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”БИШКЕКТЕ ХОККЕЙ БОЮНЧА КЫЗ-КЕЛИНДЕР АРАСЫНДА АЗИЯ-ОКЕАНИЯ КУБОГУ ӨТҮҮДӨ

Бөлүшүү

Комментарийлер