Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата төрт социалдык объект ачылды

  • 11.09.2026

11-сентябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата төрт социалдык объекттин ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров онлайн форматта катышты.

Алардын бири — Шабдан Баатыр көчөсү, 740 дарегинде жайгашкан жаңы Жаш техниктер станциясы. Анын ачылыш аземине Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча мэрдин орун басары Рахат Мусаева катышты. Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата төрт социалдык объект ачылды

Жалпы аянты 2 563 чарчы метр болгон беш кабаттуу имарат балдардын техникалык жана чыгармачылык багытта өнүгүүсүнө шарт түзөт. Станцияда окуу кабинеттеринен тышкары китепкана, музей, астрономиялык обсерватория, конференц-зал, актовый, бий жана спорт залдары жайгашкан. Ошондой эле автомодель спорту жана картинг үчүн аянтчалар, воркаут-зонасы жана практикалык сабактарды өткөрүүгө ылайыкташкан жайлар каралган. Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата төрт социалдык объект ачылды

«Биримдик-Кут» жаңы конушунда 280 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Объектти Бишкек шаарынын мэринин орун басары — Бишкек мэриясынын Отун-энергетика комплексин өнүктүрүү департаментинин директору Насипбек Керимов тааныштырды. Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата төрт социалдык объект ачылды

Эки кабаттуу бала бакчада 12 топко ылайыкташкан оюн жана уктоочу бөлмөлөр, музыкалык жана спорт залдары, медициналык кабинет, ашкана жана башка зарыл бөлмөлөр бар. Мындан тышкары, аймакта тогуз оюн аянтчасы жабдылган.

Жибек Жолу проспектиси, 281 дарегинде жайгашкан №23 орто мектептин жаңы имараты 700 окуучуга ылайыкталган. Анын ачылышына Бишкек шаарынын жер пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү маселелери боюнча мэрдин орун басары Атай Муратбек катышты.

Жер төлөсү менен үч кабаттуу мектепте окуу жана компьютердик класстар, лабораториялар, китепкана, медициналык блок, ашкана, актовый жана спорт залдары, ошондой эле ийримдерди жана чыгармачылык сабактарды өткөрүүчү бөлмөлөр каралган. Мектептин аймагы көрктөндүрүлүп, спорттук аянтчалар жана воркаут-зонасы менен камсыздалган.

Ал эми 5-кичи райондо №3 орто мектептин 500 окуучуга ылайыкталган кошумча окуу корпусунун курулушу аяктады. Анын ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев катышты. Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата төрт социалдык объект ачылды

Жаңы корпуста окуу класстары, спорт жана актовый залдар, ашкана, медициналык кабинет, мугалимдер бөлмөсү, музыка жана ыр сабактарын өткөрүүчү бөлмөлөр жайгашкан. Мектептин аймагында кичи футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары, воркаут-зонасы жана узундугу 100 метр болгон чуркоо жолу курулган. Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата төрт социалдык объект ачылды

Маалыматка ылайык, аталган объектилердин курулушуна Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тапшырыкчы болгон.

Төрт социалдык объекттин пайдаланууга берилиши борбор калаанын билим берүү жана социалдык инфраструктурасын кеңейтүүгө, балдар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Аталган объектилердин ачылышы өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында уюштурулду.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү