БИШКЕКТЕ БИРИНЧИ ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ӨТҮП ЖАТАТ

  • 25.11.2022
  • 0

Т.Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда элдик курултайдын иши башталды.

БИШКЕКТЕ БИРИНЧИ ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ӨТҮП ЖАТАТ

Элдик курултайга мамлекет жетекчилери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары да катышууда. Алгач курултайдын тарыхы тууралуу тасма көрсөтүлүп, андан сон мамлекеттик катчы, уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов сүйлөп, бүгүнкү иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолду. Анын айтымында, курултайга өлкөнүн аймактарынан 1072 делегат келди. Алардын ичинен 708 жогорку билимдүүлөр.

БИШКЕКТЕ БИРИНЧИ ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ӨТҮП ЖАТАТ

 

Элдик курултайдын төрагасы болуп Кадыралы Кошалиев шайланды. Ал эми курултайдын жооптуу катчысы Саламат Кубандыков болду.

Ак сакалдар кеңешинин курамына:

Баймурат Бекмуратов, Хайит Айкынов, Бекболот Ибрагимов, Абдыразак Борбиев, Дамира Ниязалиева, Токтосун Казиев, Абдиват Зулпиев, Шергузу Тойчиев, Талантбек Игилов, Каныбек Сарымсаков, Анарбек Шаршеев, Калмурза Эентуров, Дүйшөнбек Карымшаков, Бейшенбек Абдыразаков, Улукбек Садиков, Орозбек Акимбаев, Майызбүбү Бердибекова, Замир Ракиев кирди.

БИШКЕКТЕ БИРИНЧИ ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ӨТҮП ЖАТАТ

Иш-чара эки күнгө созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Бөлүшүү

Комментарийлер