БИШКЕКТЕ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН СПАРТАКИАДАСЫ ӨТТҮ

  • 19.10.2026

2026-жылдын 17-октябрында Бишкек шаарындагы № 68 жалпы билим берүү мектебинде борбор калаанын мектептеринин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин арасында спартакиада өткөрүлдү. Спартакиадага шаардын төрт районунан 250 мугалим катышты.

Иш-чаранын ачылышына Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева катышып, мелдештин катышуучуларына ийгилик каалады.

Спартакиаданын максаты — дене тарбияны жана спортту жайылтуу, сергек жашоо образын калыптандыруу, билим берүү кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоо, ошондой эле командалык ынтымакты бекемдөө.

Мелдешке Ленин, Октябрь, Биринчи Май жана Свердлов райондорунун курама командалары катышты. Катышуучулар аялдар жана эркектер арасындагы волейбол, аркан тартыш, эстафета жана дартс боюнча күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгы:

Волейбол (аялдар):

  • I орун — Ленин району;
  • II орун — Свердлов району;
  • III орун — Биринчи Май району;
  • IV орун — Октябрь району.

Волейбол (эркектер):

  • I орун — Ленин району;
  • II орун — Биринчи Май району;
  • III орун — Октябрь району;
  • IV орун — Свердлов району.

Аркан тартыш (аялдар):

  • I орун — Биринчи Май району;
  • II орун — Свердлов району;
  • III орун — Октябрь району;
  • IV орун — Ленин району.

Аркан тартыш (эркектер):

  • I орун — Свердлов району;
  • II орун — Биринчи Май району;
  • III орун — Ленин району;
  • IV орун — Октябрь району.

Эстафета:

  • I орун — Ленин району;
  • II орун — Октябрь району;
  • III орун — Биринчи Май району;
  • IV орун — Свердлов району.

Дартс:

  • I орун — Ленин району;
  • II орун — Биринчи Май району;
  • III орун — Октябрь району;
  • IV орун — Свердлов району.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери дипломдор, медалдар, кубоктор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

М.К, «Кут Билим»

Бөлүшүү