БИШКЕКТЕ АЗИЯ БАЛБАНДАРЫ ОЛИМПИАДА ЖОЛДОМОГО КҮЧ СЫНАШУУДА

  • 19.04.2024
  • 0

БИШКЕКТЕ АЗИЯ БАЛБАНДАРЫ ОЛИМПИАДА ЖОЛДОМОГО КҮЧ СЫНАШУУДАБүгүн,19-апрелде Бишкек шаарындагы “Бишкек-Арена” муз айдыңында  Азиянын Олимпиадалык квалификациялык турнири башталды.Мындай эң маанилүү мелдеш Кыргызстандын тарыхында алгач ирет өтүп жатканы менен баалуу. 

Мында күрөштүн үч түрү:эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана грек-рим күрөшү боюнча 36 жолдомо үчүн күч сынашуулар болот. Ар бир түрдөн 12 жеңүүчү Париж олимпиадасына жолдомо алат. Эки күн мурда Бишкекте аяктаган Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 14 медаль утуп, командалык эсепте экинчи орунду камсыз кылышкан. Эми жолдомо алуучу мелдеште кимдердин жылдызы жанып, Париж олимпиадасына жолун ачат? Аны алдыдагы таймашуулар аныктайт.

Ошондуктан бүгүн Бишкекте башталган квалификациялык таймашка эркин күрөш боюнча таймашууларда жолдомо алууга арбын балбан катышып, курч мүнөздө өткөнү бүйүр кызытып турат. Себеби, кыргызстандык балбандардан эч ким Париж  олимпиадасына жолдомо ала элек.  Кыргызстандан тандалган 6 балбан багын сынап жатышат.

57 кг салмакта Кыргызстандын намысын жаштар арасында дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, 23 жаштагылар арасында Азия чемпиону Бекзат Алмаз уулу коргоп жатат. Бекзат сегизден бир финалда палестиналык Али Абурумайла менен беттешет. Аны жеңсе чейрек финалда кытайлык Ванхао Зоу менен күч сынашат.

БИШКЕКТЕ АЗИЯ БАЛБАНДАРЫ ОЛИМПИАДА ЖОЛДОМОГО КҮЧ СЫНАШУУДА65 кг: салмакта былтыр Дүйнө чемпионатында Иран гана жолдомо алгандыктан, бул салмакта курч таймашуулар күтүлгөнү турат. Кыргызстандык күйөрманда үмүт артып турган  2021-жылкы Токио Олимпиадасына катышкан, дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси Эрназар Акматалиев бул ирет мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого аракет кылмакчы.Эрназар чейрек финалда ирактык Мохаммед Карим менен беттешмекчи болду. Эрназардын негизги атаандаштары Өзбекстандын намысын коргоп жүргөн Европа жана Азия чемпиону, дагестандык Ильяс Белбулатов негизги атаандаштардын бири болушу ыктымал.

БИШКЕКТЕ АЗИЯ БАЛБАНДАРЫ ОЛИМПИАДА ЖОЛДОМОГО КҮЧ СЫНАШУУДА74 кг. салмакта Кыргызстандын намысын коргогон  Азия оюндарынын коло байге ээси Орозбек Токтомамбетовдон дагы үмүт кылып турабыз. Орозобек  8/1 финалда Бахрейндин намысын коргоп жаткан дагестандык Магомедрасул Аслуев менен беттешмек болду.  Аны жеңсе индиялык же түркөнстандык балбан менен чейрек финалда күрөшөт.  Бул салмакта Азиянын мурдагы чемпиону, кореялык Бёнмин Гон  да табында экенин адистер айтышууда.

БИШКЕКТЕ АЗИЯ БАЛБАНДАРЫ ОЛИМПИАДА ЖОЛДОМОГО КҮЧ СЫНАШУУДА86 кг . салмакта Кыргызстандын намысын Нуртилек Карыпбаев коргойт. Ал Ислам тилектештик оюндарында коло байге уткан жаш балбан.  Нуртилек  чейрек финалда камбоджалык Вутый Ханга менен күч сынашат. Эгерде жеңип алса, чейрек финалда кытайлык  Зушен Лин менен күрөшөт.

97 кг. салмакта  Кыргызстандын намысын өлкөнүн эки жолку чемпиону, эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, 24 жаштагы Андрей Аронов коргоп, жолдомо алууга аракет кылмакчы. Андрей 8/1 финалда түркмөнстандык Шатлык Хемеляев менен беттешмек болду. Аны жеңип алса чейрек финалда казакстандык Айтмухан Ризабекке туш болот.

БИШКЕКТЕ АЗИЯ БАЛБАНДАРЫ ОЛИМПИАДА ЖОЛДОМОГО КҮЧ СЫНАШУУДА125 кг салмакта  Токио олимпиадасынын катышуучулары кытайлык  Живэй Ден  жана кыргызстандык Айаал Лазарев турнирде  дагы Парижге жолдомо алууга ниет кылып турушат. Айаал Лазарев биринчи айлампада эс алып, чейрек финалда  пакистандык  Заман Анвар же казакстандык Юсуп Батырмурзаев менен күч сынашмакчы.

Кимдердин жылдызы жанып, Париж олимпиадасына жолу ачылаары 19-апрелдеги таймашуулардын финалдык бөлүгүндө кечинде аныкталат.

20-апрелде кыз-келиндер, 21-апрелде грек-рим күрөшү боюнча Париж олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдештер болмокчу.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер