БИШКЕКТЕ АРТЫКЧЫЛЫКТУУ АДИСТИКТЕР ЖАНА КЕСИПТЕР ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ

  • 25.04.2024
  • 0

БИШКЕКТЕ АРТЫКЧЫЛЫКТУУ АДИСТИКТЕР ЖАНА КЕСИПТЕР ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ

Пресс-анонс

2024-жылдын 26-апрелинде Бишкектин Эмен паркында 9 колледж жана 22 кесиптик лицейдин катышуусунда артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалы өтөт.

Иш-чарада 9-10-11-класстын окуучулары суроо-талапка ээ болгон кесиптер, кесиптик билим берүү мекемелери менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Фестивалдын максаты – артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптерди жайылтуу, колледж жана лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясын колдоо, кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө иш берүүчүлөрдү тартуу.

Фестивалдын программасында колледждердин жана лицейлердин кесипке багыт берүүчү көргөзмөсү, конкурстар, викториналар, студенттердин мода көрсөтүүлөрү, иш берүүчүлөрдүн жана окуу жайлардын чыгармачыл жамааттарынын ыр-бий номерлери жана эстрада жылдыздарынын аткаруулары бар.

Белгилей кетсек, иш-чара Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында өткөрүлөт.

Фестивалдын программасы – файл (пдф)

Иш-чара 26-апрелде саат 10:00до Эмен паркында башталат (Тыныстанов көчөсү тарап).

Маалымат үчүн: 0557557422

Бөлүшүү

Комментарийлер