Бишкекте алгачкы жолу сурдо спорту боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат

  • 04.09.2023
  • 0

Бишкекте алгачкы жолу сурдо спорту боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Бишкекте алгачкы жолу сурдо спорту боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат

Маалыматка ылайык,  3-сентябрда  министр Алтынбек Максутов Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин жана грек-рим күрөшү дисциплиналары боюнча өтүп жаткан сурдо спорту боюнча дүйнө чемпионатын ачкан.

Министр алгач, дүйнөлүк чемпонатка катышып жаткан бардык спортчуларга ийгилик каалады.
«2007-жылы Эл аралык Дүлөйлөр спорт кыймылынын төрагасы Дональд Амондсдун колдоосу менен Кыргыз Республикасында Сурдо спорту жанданып, “Кыргыз Республикасынын дүлөйлөр спорттук кыймылы” коомдук фонду түзүлүп, азыркы учурга чейин Арам Акопян мырза ийгиликтүү жетектеп келе жатканын маалымдады. Мамлекеттин колдоосу менен Сурдо спорту Сурдлимпиадалык деңгээлге чыгып, көптөгөн ири эл аралык мелдештерге, дүйнө жана Азия чемпионаттарына катышып келе жатканын сыймыктануу менен белгиледи»,- деп айтылат маалыматта
Белгилей кетсек, чемпионат  2 — сентябрда башталган. Чемпионатка жалпысынан 13 өлкөдөн 250 спортчу катышууда.
Ал Кыргызсан, Өзбекстан, Казакстан, Иран, Армения, Түркия, Монголия, Литва, Эстония, АКШ, Болгария, Азербайжан, Ирак жана Украинадан ж.б. мамлекттерден келген балбандар . Ал эми Кыргызстандын намысын 16 балбан коргоодо. Мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар үчүн бардык тиешелүү талаптар каралып, ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Бөлүшүү

Комментарийлер