БИШКЕКТЕ АЛДЫДАГЫ ИРИ ИШ-ЧАРАЛАРГА ЖАНА ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ КҮЧӨТҮЛӨТ
- 19.08.2026
- 0
Бүгүн, 18-августта Бишкек шаарынын мэриясында калаа башчысы Айбек Джунушалиевдин жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимовдун жетекчилиги алдында Координациялык комиссиянын жыйыны болуп өттү. Анда алдыдагы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө, жаңы окуу жылынын башталышына жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелери талкууланды. Жыйынга укук коргоо органдарынын, райондук администрациялардын жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышып, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бир катар чечимдерди кабыл алышты. 
Эл аралык маанидеги иш-чараларга жана Эгемендүүлүк күнүнө карата калаада коопсуздукту камсыз кылуу максатында бир катар чектөөлөр киргизилет. Тагыраагы, 31-август жана 1-сентябрь күндөрү расмий делегациялардын маршруттарында жайгашкан ири соода борборлору («ГУМ Чынар», «ЦУМ Айчүрөк», «Бишкек Парк», «Азия Молл», «Ала-Арча», «VEFA Центр», «Дом торговли», «Гоин», «Beta Stores 1», «Беш Сары Сити») убактылуу жабылат. Ошондой эле, 31-августтан 2-сентябрга чейин «Ош» жана «Сары-Өзөн» базарлары, ал эми 31-август жана 1-сентябрда «Орто-Сай» базары иштебейт. Мындан сырткары, 29-августта саат 15:00дөн баштап Ч.Айтматов/М.Горький, Чүй/Манас (азыркы Ч.Айтматов), Манас айылы/Васильев тракты (азыркы Манас) жана Чүй/Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер астындагы өткөөлдөр жабылары эскертилди. Төрт райондун акимдерине делегациялар өтүүчү жолдордогу кошумча соода түйүндөрүнүн да ишин убактылуу токтотуу тапшырылды.
Ошол эле учурда, тургундардын жана коноктордун Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына ыңгайлуу жетүүсү үчүн 21 багытта шаттл-автобустар уюштурулуп, коомдук транспорт үзгүлтүксүз иштейт. Шаар боюнча уюштурулган 12 фан-зонада коопсуздук көзөмөлгө алынып, майрам күндөрү тартип сакчылары эл көп чогулган жерлерде күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Коммуналдык кызматтар, анын ичинде ЖЭБ, жылуулук тармактары, жарыктандыруу жана газ кызматтары да күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт.
Жыйында билим берүү тармагына, тагыраагы жаңы окуу жылына даярдык маселесине да өзгөчө көңүл бурулду. Билим берүү мекемелеринин айланасында мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тийиштүү жол белгилерин орнотуу, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдү жаңылоо, ошондой эле мектептердеги видеобайкоо системаларынын жана кооптуу учурларда басылуучу «тревога» баскычтарынын иштөөсүн текшерүү тапшырмасы коюлду.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кабыл алынган бул комплекстүү чаралардын бардыгы биринчи кезекте шаардыктардын, меймандардын жана расмий делегациялардын коопсуздугу менен ыңгайлуулугун камсыз кылууга багытталганын баса белгиледи.
А.К., «КБ»
Комментарийлер