БИШКЕКТЕ 5-ОКТЯБРДА МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
- 01.10.2026
- 0
5-октябрда Бишкек шаарында 65 миңге чейин көрүүчү катыша турган жаңы «Бишкек Арена» стадионунун ачылыш аземи өтөт.

Мэриядан билдиришкендей, ири масштабдагы иш-чаранын өткөрүлүшүнө байланыштуу шаарда транспорт агымынын көбөйүшү жана жол тыгындарынын жаралышы күтүлүүдө.
Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мүмкүн болуучу ыңгайсыздыктарды азайтуу максатында, Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 5-октябрда Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, министрликтердин, ведомстволордун, бюджеттик уюмдардын, ошондой эле билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү онлайн форматка өткөрүлөт.
Мэриядан белгилешкендей, кабыл алынган чаралар иш-чара өтүп жаткан күнү шаардагы транспорттук жүктөмдү азайтууга, ошондой эле мекемелердин үзгүлтүксүз иштешин жана окуу процессинин камсыз кылууга багытталган.
Г.А., “КБ”