БИШКЕКТЕ 5 МЕКТЕП ЖАНА 5 БАЛА БАКЧА КУРУЛАТ

  • 31.03.2021
  • 0

Быйыл Бишкекте 5 жаңы мектеп жана 5 бала бакча курулат. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта “Кабар” агенттигинде болгон маалымат жыйынында Бишкектин жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу билдирди.

Ал Бишкек мэриясынын планынын алкагында борбор калаада муниципалдык объектилерди, атап айтканда мектеп, бала бакча жана саламаттык сактоо объектилерин куруу жана капиталдык оңдоо жүрүп жатканын айтты.

“Азыркы учурда Бишкекте 5 жаңы мектеп жана 5 бала бакча куруу пландалууда. Жакын арада биз аларды курулушуна тендер жарыялайбыз”, — деп билдирди Азамат Сагындык уулу.

Бөлүшүү

Комментарийлер