БИШКЕКТЕ №131 БАЛА БАКЧАНЫН КОШУМЧА КОРПУСУ КУРУЛУУДА

  • 06.07.2026
  • 0

Борбор калаада мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин санын көбөйтүү жана балдарга заманбап шарттарды түзүү багытындагы иштер жигердүү уланууда. Учурда Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын көзөмөлүндө №131 бала бакчанын кошумча корпусунун курулушу кызуу жүрүп жаткан маалы.БИШКЕКТЕ №131 БАЛА БАКЧАНЫН КОШУМЧА КОРПУСУ КУРУЛУУДАЖаңы билим уясы Мозырская көчөсү, 79Б дарегинде жайгашкан. Долбоорго ылайык, кошумча корпус 100 балага ылайыкталып, акыркы заманбап талаптарга жооп бере тургандай пландалган. Имаратта кичинекей тарбиялануучулар жана бала бакчанын кызматкерлери үчүн бардык зарыл болгон ыңгайлуулуктар каралган.

Бала бакчанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — инклюзивдүүлүккө өзгөчө көңүл бурулгандыгында. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жана балдардын кыймыл-аракетин жеңилдетүү максатында, долбоордо атайын лифт орнотуу каралган. Бул кадам борбор калаадагы билим берүү мекемелеринде түзүлүп жаткан тоскоолдуксуз чөйрөнүн жакшы үлгүсү болуп саналат.

Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер