БИШКЕКТЕ 10 ЖАҢЫ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

  • 06.10.2026

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин катышуусунда онлайн форматта 20 социалдык объекттин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарындагы Патрис Лумумба көчөсү, 54/7 дарегинде жайгашкан №83 жалпы билим берүүчү мектебинин кошумча корпусу салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди. Салтанатка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты.

«Ырыс Малик» ЖЧКсы тарабынан курулган №83 мектептин жаңы эки кабаттуу корпусу 1200 окуучуга ылайыкташтырылган. Заманбап талаптарга жооп берген имаратта 40 окуу кабинети, эки компьютердик класс, спорттук жана бий залдары, китепкана, ашкана, актовый зал, медициналык пункт жана башка зарыл болгон бөлмөлөр каралган.

Бул кубанычтуу иш-чаранын алкагында борбор калаабызда жалпысынан 10 билим берүү мекемеси өз эшигин ачты. Алсак,

«Ак-Ордо» конушундагы №125 мектеп;
«Красный Строитель» конушундагы №32 мектептин кошумча корпусу;
«Киркомстром» конушундагы №42 мектептин кошумча корпусу;
«Кашка-Баш» конушундагы №124 мектеп;
«Арча-Бешик» конушундагы №79 мектептин кошумча корпусу;
№83 мектептин кошумча корпусу;
«Калыс-Ордо» конушундагы №86 мектептин кошумча корпусу;
«Өскөн-Ордо» конушундагы №120 мектеп;
«Көк-Жар» конушундагы №122 мектеп;
«Дордой» конушундагы №94 мектептин кошумча корпусу ишке берилди.
А.К., «КБ»
Бөлүшүү