БИШКЕККЕ МУГАЛИМДЕРДИН СЪЕЗДИНЕ КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ДЕЛЕГАЦИЯЛАРЫ КЕЛДИ

  • 10.10.2018
  • 0

Бишкек шаарына Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V Съездине Казахстандан, Беларустан, Россиядан, Армениядан, Түркмөнистандан жана Тажикистандан 70 ашык делегаттар келди.

БИШКЕККЕ МУГАЛИМДЕРДИН СЪЕЗДИНЕ КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ДЕЛЕГАЦИЯЛАРЫ КЕЛДИ

Делегациялардын курамында мугалимдер, билим берүүнүн ар кандай багыттагы кызматкерлери бар.

КМШнын мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V Съезди 2018-жылдын 11-12-октябрында Бишкекте өтөт. Съезддин ачылышы «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциядсында өтөт, анда соң секциялык отурумдардын катышуучуларын шаардын мектептери жана университеттери кабыл алат.

Съезддин темасы – “Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын контекстиндеги КМШнын катышуучу – мамлекеттердин билим берүү системаларын өнүктүрүү”.

 

КМШ катышуучу-мамлекеттердин мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин мыктылары “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланат.

Съезддин алкагында КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү тармагындагы жетишкендиктеринин көргөзмөсү өтөт.

Съезд КМШнын катышуучу – мамлекеттердин билим берүү чөйрөсүндөгү интеграциялык процесстердин өнүгүүсүнө шарт түзүүгө, өз ара аракеттенүүнүн механизмдерин жана анын жаңы түрлөрүн активдүү издөөгө  өбөлгө болору пландалууда.

«Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын контекстиндеги КМШнын катышуучу — мамлекеттердин улуттук билим берүү системалары» аттуу пленардык отурумунда делегация жетекчилери өз билим берүү системаларындагы реформалар жөнүндө маалымат менен бөлүшүп, туруктуу өнүгүү үчүн билим берүүнүн негизги аспекттери боюнча кызматташтык мүмкүнчүлүгүн карашат.

Съезддин алкагында төмөнкү маселелер боюнча тогуз секциянын иши уюштурулат: компетенттүүлүк билим берүүнүн методологиясын түзүү, билим берүү стандарттарын киргизүүнүн теориясы жана практикасы, коопсуз билим берүү чөйрөсүн калыптандыруу, мектептен тышкаркы билим берүү, эрте жаштан өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү, кесиптик билим берүүнүн бардык баскычтарын өнүктүрүү, Улуттук квалификациялык системаларын киргизүү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер