БИШКЕК ЖАНА ОШ ШААРЛАРЫНДА ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫНЫН II АЙЛАМПАСЫ

  • 30.09.2022
  • 0

Бишкек жана Ош шаарлары боюнча мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош орундарына конкурстун экинчи айлампасы жарыяланды.

Сынактын толук жобосу менен таанышып чыгууну сунуштайбыз (жобо менен жакшылап таанышып чыгыңыздар).

Жобо

Сынакка катышуу үчүн талапкер документтерди 2022-жылдын 29-сентябрынан 9-октябрь, саат 18:00гө чейин өзүнүн ЖЕКЕ электрондук почтасы(башка бирөөнүн почтасынан болбойт) аркылуу тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтөт:

Бишкек шаары — [email protected]

Ош шаары — [email protected]

Документтерди өз убагында тапшырбоосу же документтердин толук берилбөөсү талапкерди сынактан четтетүүгө негиз болуп эсептелет.

Компьютердик тестирлөө өтө турган график жана жайы тууралуу кошумча маалымат жарыяланат.

 

Көнүл буруңуздар!

Талапкер жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин бир гана бош кызмат ордуна арыз бере алат, ваканттык орундар менен да жакшылап таанышып чыгууну сунуштайбыз.

Ваканттык орундар бар болгон мектептердин тизмеси

Сынак жөнүндө маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондор аркылуу кайрылсаңыз болот: 0(505)110108, 0(556)110107, 0(755)112237, 0(778)112238.

Бөлүшүү

Комментарийлер