БИШКЕК ТЕХНИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ

  • 23.05.2019
  • 0

Бишкек техникалык  (мурдагы Фрунзе машина куруу техникуму)  1951-жылы уюшулган. 1991-жылы Бишкек техникалык техникуму болуп, кийин 1996-жылы Бишкек техникалык колледжи болуп аталган. 1951-жылдан баштап бүгүнкү кунго чейин техникалык багыттагы орто кесиптик  адистиктерди даярдоодо.     

БИШКЕК ТЕХНИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ БИШКЕК ТЕХНИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИБишкек техникалык колледжи менен  Санкт-Петербургдагы Ж. Я. Котина атындагы «Машина куруу  академиясы» менен ар тараптуу кызматташтык тууралуу келишимдин  негизинде окутуучулар жана студенттер арасында кызуу кызматташууда.

Колледж Кыргыз Республикасынын борбор калаасынын так борборунан орун алган. Колледждин имараты архитектуралык эстелик катары таанылган. Азыркы кезде бизде 800 ашуун студенттер билим алышууда. Окуу процессин жогорку денгээлде уюштуруу максатында заманбап технологиялар ийгиликтүү колдонулуп келет, бардык окуу кабинеттери керектүү жабдуулар менен камтылган жана видеобайкоочтор орнотулуп окуу аудиториялары видео көзөмөлүндө. Окуу аудиторияларында видеопроекторлор, акыркы үлгүдөгү компьютерлер жана интерактивдүү панель орнотулган, электрондук китепканалар, заманбап лабораториялар менен камсыз болгон.

Эки компьютердик класста 40тан ашуун компьютерлер орнотулган, алардын баары локалдык торлор менен туташтырылган жана интернет түйүнүнө кошулган. Колледждин чоң станоктук паркы, чоң жыйындар залы, спорт залы, окуу залы жана ашканасы иштейт..

Заманбап уюштурулган , жабдылган кабинеттер студенттерди татыктуу тарбиялоодо колледжде көптөгөн иш-чаралар өткөрүлөт. Алар: студенттик күн, Жаңы жылдык бал, 23-февраль, 8-март, бүтүрүү кечеси ж.б Ошондой эле нравалык жана таланттык шыгын, мүмкүнчүлүгүн өстүрүү максатында диспуттар, семинарлар, жолугушуулар, экскурсиялар жана спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп келет.

Стунденттерди тандоо жана кабыл алуу ЖРТсыз, кирүү сынактарын тапшыруу менен жүргүзүлөт.

Колледжди ийгиликтүү аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөр мамлекеттик үлгүдөгү дипломуна ээ болуп, жогорку окуу жайына өтүүсүнө шарт берет.

Бардык адистиктер боюнча көз карандысыз аккредитациядан ийгиликтүү өткөн.  Сертификат № VK180000564

Бишкек техникалык колледжи төмөнкү

адистиктер боюнча 2018-2019-окуу жылына

талапкерлерди кабыл алат:

— 151001 «Машина куруу технологиясы» (бюджет, контракт)

— 150203 «Ширетүү өндүрүшү» (контракт)

— 230109 «Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо» (контракт)

— 230110 «Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана  компьютердик тармактарды техникалык тейлөө» (бюджет, контракт)

— 220206 Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу» (тармактар боюнча) (контракт)

— 140101 «Жылуулук электрстанциясы» (бюджет,контракт)

— 140206 «Электрдик станциялар, тармактар жана системалар» (бюджет, контракт)

— 140212 «Электр менен жабдуу» (тармактар боюнча) (бюджет, контракт)

— 130403 «Ачык тоо-кен иштери» (контракт)

— 080110 «Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча» (контракт)

Окуу мөөнөтү: күндүзгү

негизги билимдин базасында

(9 класс) 2 жыл 10 ай

жалпы орто(толук) билимдин базасында

(11 класс) -1 жыл 10 ай

Төмөнкү кесиптер боюнча колледжде

11-класстын базасында сырттан окуу бөлүмү бар

— 151001 « Машина куруу технологиясы»

— 230109 «Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо»

— 140206 «Электрдик станциялар, тармактар жана системалар»

— 140212   «Электр менен жабдуу»

Сырттан окуу мөөнөтү: 2 жыл 6 ай

БТКга  тапшырууга керектүү документтер:

  1. Аттестат
  2. Негизги жалпы билим тууралуу күбөлүк жана анын көчүрмөсү;
  3. Кабыл алуу комиссиясында толтурулган арыз;
  4. №086-У медициналык маалым кат;
  5. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспорт (көчүрмөсү);
  6. Сүрөт 3×4 (6 даана);
  7. Конверт;
  8. Кагаз тигилүүчү папка (скоросшиватель);

Биздин   дарек: Бишкек шаары, 720001

Чуй проспектиси 215,

 тел: 0(312) 29-90-07

0703-713-666,

0557-559-598,

0772-713-666

web-caйт:www.btk.kg

 

Бөлүшүү

Комментарийлер