Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №56-мектептин оңдоо иштерин текшерди 

  • 16.10.2025
  • 0

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мурда берилген тапшырмаларды аткаруу алкагында борбор калаадагы №56-мектепке барып, жеринен текшерүү жүргүздү.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №56-мектептин оңдоо иштерин текшерди 

Шаар башчысы иштердин жүрүшү менен таанышып, көйгөйлөрдү ыкчам чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Бардык башталган иштерди соңуна чыгарууну, мектептин фасадын оңдоп-түзөөнү жана айланасын иретке келтирүүнү тапшырды. Айрыкча мектептин короосун жашылдандыруу ишине өзгөчө көңүл бурулду.

Белгилей кетсек, МП «Бишкекасфальтсервис» мектептин аймагындагы жолду асфальттоо иштерин жүргүздү, МП «Бишкекзеленстрой» бак-дарактарды отургузуу үчүн чуңкурларды даярдап, жашыл аянттарга кам көрүп жатат, ал эми МП «Бишкексвет» спорт залдагы жарыктандырууну жаңылады.

Буга чейин да шаар башчысы №56-мектепке келип, кемчиликтерди жоюуну тапшырган болчу.

Мындан тышкары, келерки жылы №56-мектепке капиталдык оңдоо пландалууда. Бул үчүн Бишкек мэриясынын резервдик фондунан кошумча каражат бөлүнөт. Бул долбоордун ишке ашырылышы мектеп окуучулары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.

(БК)

Бөлүшүү

Комментарийлер