БИШКЕК ШААРЫНЫН МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

  • 29.03.2021
  • 0

29-мартта Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде Бишкек шаарынын мектеп директорлору менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууга министр А. Бейшеналиев, Н. Джусупбекова, М. Усеналиев, З.Пак, Бишкек шаардык Билим берүү Департаментинин башчысы Э. Иманалиева жана бир катар мектептин директорлору катышты. Күн тартибинде бир катар олуттуу маселе талкууга алынып, сунуштар жана пикирлер айтылды. Атап өтсөк: шаар мектептериндеги айрым предметтер ( орус тили, информатика, музыка, дене тарбия) боюнча мугалимдердин жетишсиздиги, алардын ордун алмаштыруучу мугалимдердин айлык акысын төлөө боюнча жаралган маселелер, предметтер тереңдетилип окутулуучу мектептерде БОП боюнча сааттарда келип чыккан айырмачылыктарга көңүл бөлүү жөнүндө, мектептерде МОПтун ( кичүү тейлөө кызматкерлер) штаттарынын аздыгы айтылып өттү. Ошону менен катар мектеп директорлорун аттестациялоо боюнча долбоордун иштелип жаткан проектисинин презентациясы болуп, талкууга алынды.

Бөлүшүү

Комментарийлер