БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫ 12-13-ОКТЯБРДА САБАКТАРДЫ ОНЛАЙН ФОРМАТТА ӨТКӨРӨТ

  • 09.10.2023
  • 0

Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин саммити өткөрүлүшүнө байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуу сабактарын онлайн форматта өткөрүү жөнүндө” буйругу чыкты.

БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫ 12-13-ОКТЯБРДА САБАКТАРДЫ ОНЛАЙН ФОРМАТТА ӨТКӨРӨТ

Буйрукка ылайык, Бишкек шаарындагы мектепке чейинки, мектептик, башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан 2023-жылдын 12-13-октябрында окуу сабактарын онлайн форматта уюштуруу тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер