БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ №5 ЛИЦЕЙДЕ КОШУМЧА ОКУУ КОРПУСУ АЧЫЛДЫ

  • 18.02.2022
  • 0

15-февралда борбор шаарыбыздын профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде башталгыч класстар үчүн курулган кошумча окуу корпусунун ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Президенттин администрациясынын, Министрлер Кабинетинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Финансы министрлигинин, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, ошондой эле Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргыз Республикасынын Элчиси катышты. Кошумча окуу корпусунун курулушу 2020-жылы январда башталып, 375 окуучулук орунга эсептелген. Окуу корпусу быйыл февралда колдонууга берилди. Эки кабаттуу имараттын (спорт залы жана жыйын залы, коомдук тамактануучу жайы менен кошо) курулушуна Сауд өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттарынын эсебинен 84 млн 544 миң сом сарпталган.

– 1926-жылы негизделип, 90 жылдан ашык тарыхы бар мектептин 1980-жылы колдонууга берилген эски имаратынын долбоордук сыйымдуулугу 1226 окуучуга эсептелген. Бүгүнкү күндө бул мектепте 3210 окуучу окуп жатат, ал эми интернатта 150 окуучу билим, тарбия алууда. Чындыгында борбор шаарыбыздын көпчүлүк мектептеринин көйгөйүнө айланган класстардын жетишсиздиги жана ички жыштыгы дагы деле ички миграциянын таасири астында курч турууда. Мектеп – бул жашоонун устаканасы, бекеринен “Кылым жаша, кылым оку” деп айтылбаса керек. Жеткинчектерибиздин келечегине, терең билим алуусуна шарт түзүп, мектеп салып берип жаткан Сауд өнүктүрүү фондунан каржыланган мамлекеттик мектептерди куруу долбооруна ыраазычылыгыбызды билдиребиз. — деди УИТМЛ директору Мурат Касымалиев.

Куттукттоо сөзү менен КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чыгып:

– Урматтуу меймандар, мугалимдер, ата-энелер! Биздин атагы чыккан сүйүктүү, элибиз сыймыктанган №5 мектеп-лицейинде башталгыч класстар үчүн курулган кошумча имаратынын ачылып, ишке берилиши чоң окуя. Алгач алыскы Сауд королдугунан келген Сауд өнүктүрүү фондунун делегациясын, жетекчилигин кош келиңиздер деп айтуу менен, эки мамлекеттин ортосундагы 30 жылдык кызматташуубуздун келечеги алдыда демекмин. Ошондой эле бул имараттын курулушун каржылап берген Сауд өнүктүрүү фондуна жалпы Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин атынан ыраазычылык билдирип коюуга уруксат этиңиздер! — деп сөзүн жыйынтыктап жатып, мугалимдер жамаатына ден соолук, жаш муундарды окутуудагы чыгармачылык жигер, алдыга койгон максаттарда ийгилик коштоосун
каалады.

– Мектептерди куруу боюнча Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы кредиттик макулдашууга 2017-жылы май айында кол коюлган. Бул макулдашууга ылайык Фонд 30 млн АКШ доллары суммасында жеңилдетилген кредит бөлүп берген. Бул каражаттарга 28 мектептин (алардын ичинен 16сы авариялык) жана эки бала бакчанын курулушу жүргүзүлүп жатат. Ушул тапта 11 мектептин курулушу аяктады, анын ичинде бул мектептин курулушу 2020-жылдын январь айында башталып, 2022-жылдын февралында ишке берилип жатат. Эң чоңу 500 орундук мектеп Арча-Бешикте курулууда, — деп билдирди Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун биринчи орун басары
Самат Бөрүбаев.

Албетте, башталгыч класстар үчүн жаңы кошумча корпустун курулушу мугалимдер жамаатын жана ата-энелерди кубандырбай койгон жок. Кенен, жарык окуу бөлмөлөрү, жаңы парталар, техникалык каражаттар, заманбап спортзал, актовый зал, ашкана – бардыгы бөбөктөрдү эле эмес, чоң кишилерди да кайрадан балалыкка чөмүлтөт. Мугалимдердин кубанычында чек жок.

– Башталгыч мектептин өзүнчө имарат болуп курулганы, жабдылышы — көптөн бери келе жаткан көйгөйдүн чечилиши деп эсептейм. 30 жыл мурда республика боюнча жалгыз мектеп болуп калыптанып калганга, бардык жарандар балдарын №5 мектеп-лицейге окуткусу келет. Ал эми баланын көбүнөн мугалимге дагы, окуучуга дагы материалды окутуу жана өздөштүртүү оор болоору анык. Эми бизге чоң мотивация бар! Улуттун татыктуу инсандарын өстүрөбүз! — деди башталгыч классынын мугалими
Жылдыз Чойбекова.

Айнура АСАНАЛИЕВА, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер