БИШКЕК ШААРЫНДА 19 МИҢДЕН АШЫК ЖЕТКИНЧЕКТЕР МЕКТЕП БОСОГОСУН АТТАДЫ
- 01.09.2020
- 0
Бишкек шаарындагы бардык мектептерде бүгүн, 1-сентябрда 19 миңден ашык жеткинчектер мектеп босогосун аттады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардын вице-мэри Виктория Мозгачева, мэриянын аппарат жетекчиси Адилет Малдыбаев жана райондордун акимдери 1-класстын окуучуларын мектеп алдында тосуп алды.
— Мектепте «Менин сүйүктүү Кыргызстаным» аттуу биринчи сабак өткөрүлдү жана балдарга экскурсия уюштурулду, — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин башталгыч класстардын 500дөн ашык мугалими ПЧР тесттин тапшырышкан.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер