БИШКЕК ШААРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНЕН 12 КЫЗМАТКЕР КӨЗ ЖУМДУ

  • 23.07.2020
  • 0

СOVID-19 жана пневмониядан улам Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин он эки кызматкери каза болду. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынын сайтында айтылат.

Дүйнөдөн кайткандардын тизмеси:

  • №78 мектептин директору Музаева Элнура Турдукуловна;
  • №148 бала бакчанын директору Токтосунова Жамиля Ишенбековна;
  • №55 мектептин директорунун орун басары Казаков Камбар;
  • №61 мектеп-лицейдин башталгыч класстарынын мугалими Нефедова Ирина Юрьевна;
  • №69 мектептин орус тилчи мугалими Мусаева Айнура Мусаевна;
  • №64 мектептин физик мугалими Калдымолдоева Укен Жолдошевна;
  • №9 мектептин биология жана химия мугалими Токтосунова Айзирек;
  • №13 мектептин мамлекеттик тил мугалими Осмонгазиева Айдай Моңолдоровна;
  • №118 бала бакчанын тарбиячысы Петрова Ирина Дмитриевна;
  • №10 бала бакчанын кызматкери Тюлегенова Тынатин;
  • №22 бала бакчанын кызматкери Ашырова Айзада Тентиевна;
  • №164 бала бакчанын кароолчусу Карыбаев Атабек Мамашевич.

“Кут Билим” гезитинин жамааты жарык дүйнө менен кош айтышкан жогорудагы адамдардын жакындарына, үй-бүлөсүнө, кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болсун. Ар биринин элеси кесиптештеринин эсинде түбөлүк сакталат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер