Бишкек – Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаадан өрт чыгып, 4 адам жабыркады

  • 27.10.2023
  • 0

 Бишкек – Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаадан өрт чыгып, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жайыл районунда Бишкек – Ош унаа жолунун болжол менен 100-101-чакырымында күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Кырсык катталган аймакка өрттү өчүрүүгө саат 14:29да Кара-Балта шаардык №22 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 14:38де авариялык куткаруу унаасы менен 3 куткаруучу жана ИИМден 1 экипаж жөнөтүлгөн. Өрт саат 15:40та толук өчүрүлгөн.

Тилекке каршы, тилсиз жоонун кесепетинен 4 адам жабыркап, “Тез жардам” кызматы аркылуу Жайыл райондук ооруканага жеткирилген. Ошондой эле «Мерседес-Бенц» жана «Хонда-СРВ» жеңил унаалары күйгөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер