Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы жол кырсыктан тогуз адам жабыркады

  • 03.08.2023
  • 0

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 343-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter жана Toyota Rav унаалары кагышып, тогуз адам жабыркаган. Бул тууралуу Нарын облустук ИИББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бус 17 жүргүнчү менен Ак-Талаа районунан Бишкектин көздөй жол тарткан, ал эми жеңил автоунаа Нарынга бараткан.

Кырсыктан жабыркаган тогуз адамдын төртөө Toyota Rav 4 (айдоочу жана үч жүргүнчү) унаасында бараткан, бир жүргүнчү реанимация бөлүмүндө жатат. Ал эми алган 5 адам бустун жүргүнчүлөрү болгон.

Айдоочу жана эки жүргүнчү ар кандай жараат менен ооруканага жаткырылган, дагы экөө реанимацияда. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү амалдары жүрүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер