Бишкек мэриясы «Мектепке чейинки мекемелерди куруу» долбоорун ишке ашырууну пландаштырууда

  • 07.08.2023
  • 0

Бишкек шаарынын мэриясы МЖӨ борбору менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми боюнча мектепке чейинки мекемелерди куруу боюнча МЖӨ долбоорун ишке киргизүүнү пландаштырууда.

Бишкек мэриясы "Мектепке чейинки мекемелерди куруу" долбоорун ишке ашырууну пландаштырууда

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, атайын буйруктун негизинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында мектепке чейинки балдар мекемелерин долбоорлоо жана куруу үчүн жер тилкелери аныкталган.

Долбоордун негизги максаттары:

— Бишкек шаарынын балдарын мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги орундар менен камсыз кылуу;
— Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө сапаттуу кызматтарды көрсөтүү.

Долбоор мектепке чейинки билим берүүнүн сапаттуу заманбап кызматтарын көрсөтүү менен жаңы бала бакчаларды түзүүнү болжолдойт. Мектепке чейинки балдар мекемелеринин курулушу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин стандарттуу кызматтарын гана сунуштабастан, эрте өнүктүрүү, мектепке даярдоо жана башкалар боюнча кызматтарды да ишке ашырат. Жеке өнөктөш менен түзүлгөн келишим аяктагандан кийин бала бакчалар Бишкек шаарынын мэриясынын балансына кайтарылып берилет.

Буйрукка ылайык жер тилкелер Бишкек шаарынын жаңы конуштарында жайгашкан:
Алардын экөөсү боюнча долбоорду ишке ашырууга кызыкдар тараптар изделүүдө:
Арча-Бешик конушу-Садыбакасов-Кызыл-Адыр көчөлөрүндөгү жер тилкенин аянты — 0,28 га.
Кара-Жыгач конушу-Кара-Жыгач-Исакеев көчөлөрүндөгү жер тилкенин аянты 0,34 га.

Кошумча маалымат үчүн телефондор: 0312660946,0312660829, e-mail: [email protected]. Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин дареги: Бишкек ш., көч. Жибек Жолу 328.

Бөлүшүү

Комментарийлер