БИШКЕК МЭРИ СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТИЛЕРДИН КУРУЛУШУН ТЕКШЕРДИ
- 28.10.2026
- 0
27-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаадагы бир катар социалдык объектилердин курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. 
Алгач шаар башчысы «Ак-Бата» конушунда салынып жаткан спорт комплексин көрүп чыкты. Эки кабаттуу имаратта дзюдо, футбол, гандбол, волейбол залы жана машыгуу залы каралган. Учурда имараттын каркасы 100 пайызга тургузулуп, дубалдарды коюу 90 пайызга аяктады. Мэр курулушту өз убагында бүтүрүү, сапат талаптарын сактоо жана аймакты жашылдандыруу боюнча тапшырмаларды берди. 
Андан соң шаар башчысы Ак-Бата-3 көчөсүндөгү жаңы мектептин курулушун текшерди. Имараттын дубалдары толугу менен көтөрүлүп, ички шыбак жана тышкы инфраструктуралык иштер уланууда. Жалпы курулуштун 80 пайызы аяктагандыктан, мэр аткарылып жаткан иштердин сапатын бекем сактап, объектини белгиленген мөөнөттө тапшырууну милдеттендирди. 
Ошондой эле мэр Энергетиктер шаарчасындагы мурда муниципалитеттин карамагына кайтарылган «Алёнушка» бала бакчасына барды. Соңунда мэр бала бакчанын айланасын иретке келтирип, оңдоо иштерин баштоону жана анын жанынан балдардын чыгармачылык борборун куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.
А.К., «КБ»