БИШКЕК: МЭР МЕКТЕПТЕРДИ КЫДЫРДЫ
- 21.10.2026
- 0
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаадагы мектептердин жаңылануу жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, №55 мектептин кошумча корпусунун курулушун жана №112 мектептин реконструкциялоо иштерин көчмө жыйындын алкагында көрдү. 
Аталган долбоорлордун алкагында №55 мектептин жаңы корпусу бир нөөмөттө 1 200 окуучуга, ал эми эки нөөмөттө 2 400 балага ылайыкталып, №112 мектеп бир нөөмөттө 1 260 окуучуга эсептелген. 
Шаар башчысы мектептердин окуу кабинеттерин жана айланасын кыдырып чыгып, жашыл аймактарды көбөйтүү максатында узак жылдар бою өсө турган жалбырактуу бак-дарактарды отургузууну тапшырды. Ошондой эле майыптыгы бар адамдардын мектеп аймагында ыңгайлуу жана коопсуз жүрүүсү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, окуучулар үчүн психологиялык жактан жагымдуу чөйрөнү камсыз кылуу максатында атайын психолог адисти тартуу милдети коюлду. 
Мэр бөлмөлөрдүн жарыктандыруусу жана түстөрдүн айкалышы балдарга ашыкча күч келтирбей, кыжырданууну жаратпашы керектигин белгилеп, «Биз мектептерди балдар үчүн курууга тийишпиз. Бул жерге биздин балдарыбыз келет. Силер мектепти бир жылда куруп бүтөсүңөр, ал эми бала бул жерде 11 жыл билим алат» деп баса белгиледи.
Мындан тышкары, мэрдин тапшырмасы менен №55 мектептин кошумча корпусунун жанындагы эски имараттын сырткы көрүнүшү иретке келтирилип, ички абалын жакшыртуу жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт, ал эми жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга жана подряддык уюмдарга бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди.
А.К., «КБ»