Бишкек мамлекеттик университетинин ректору кызматына сынак жарыяланды

  • 10.02.2025
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялады.

Сынакка 65 жаштан ашпаган, бош кызмат ордун ээлөө үчүн белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген жарандар катыша алат.

ЖОЖдун жетекчисинин кызмат ордуна квалификациялык талаптар:

жогорку кесиптик билим;

окумуштуулук даражанын жана окумуштуулук наамдын болушу (илимдин кандидаты/доктору PhD, доцент);

илимий же илимий-педагогикалык иштеги 5 жылдан кем эмес стажы.

Документтер 7-февралдан 20-февралга чейин кабыл алынат.

Айдана МАМАТБЕРДИЕВА,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер