БИШКЕК: ЭЛ ӨКҮЛҮ МЕКТЕПТЕРГЕ ИНТЕРАКТИВДҮҮ ПАНЕЛДЕРДИ ТАПШЫРДЫ

  • 04.11.2026

Жогорку Кеңештин депутаты Гульнара Акимбаева Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №46, №53 жана №94 мектептерине барып, билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү, окуу шарттары жана материалдык-техникалык базасы менен жакындан таанышты. БИШКЕК: ЭЛ ӨКҮЛҮ МЕКТЕПТЕРГЕ ИНТЕРАКТИВДҮҮ ПАНЕЛДЕРДИ ТАПШЫРДЫ

Иш-чаранын жүрүшүндө эл өкүлү мектептерге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын атынан заманбап интерактивдүү панелдерди  тапшырды. БИШКЕК: ЭЛ ӨКҮЛҮ МЕКТЕПТЕРГЕ ИНТЕРАКТИВДҮҮ ПАНЕЛДЕРДИ ТАПШЫРДЫ

Гульнара Акимбаева билим берүү тармагын системалуу колдоо жана мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо окуучуларга сапаттуу билим берүүнүн негизги жана маанилүү шарттарынын бири экенин өзгөчө белгиледи.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү