БИШКЕК — БИЛИМ ТАЙМАШЫНДА БИРИНЧИ

  • 29.03.2024
  • 0

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жыйынтыгында Бишкек алдыга озуп чыкты.

БИШКЕК - БИЛИМ ТАЙМАШЫНДА БИРИНЧИ

Олимпиаданын IV этабында аймактардагы тандоо турунда мыкты жетишкендиктерин көрсөткөн 324 окуучу 12 предмет боюнча күч сынашты. Биринчи орунду сегиз окуучу, экинчи орунду алты окуучу жана үчүнчү орунду төрт окуучу ээледи.

Олимпиаданын жыйынтыктоочу салтанатын ачкан Билим берүү жана илим министринин орун басары М.Касымалиев бардык катышуучуларды, ата-энелерди куттуктап, окуучулардын жетишкендиктериндеги мугалимдердин эмгегин баса белгилеп өттү. “Мен бүгүнкү салтанатта Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, педагогика илимдеринин доктору Исак Бекбоевдин мыкты мугалим окуучусун өз алдынча үйрөтө алган мугалим деген сөзүн баса белгилегим келип турат, себеби, бүгүн мугалимдер  өздөрүнүн эмгек үзүрүнүн иш жүзүндөгү далилин көрүп турат, окуучулардын жеңиши эң биринчи мугалимдердин эмгеги. Биз үчүн олимпиадага катышкан 324 окуучунун баары жеңүүчү, алар 12 предметтен регион боюнча өз билим деңгээлин көрсөткөн мыктылар”, — деди.

Ал ошондой эле Кыргызстан билим берүү системасын дүйнөлүк билим берүү системасын киргизүүгө даярдык көрүп жатканын, айрыкча СТЕМ предметтери боюнча көп өзгөрүүлөр кирип, мугалимдерге да, окуучуларга да өз алдынча даярдаганганда мындан да мыкты шарттар түзүлөрүн белгиледи. Себеби электрондук билим берүү платформаларында ар бир мугалимдин олимпиадага даярдануу боюнча тапшырмалары улам-улам кошулуп турат.

Белгилей кетсек, олимпиаданын жыйынтыгында Бишкек шаарынын окуучулары 18 алдыңкы орунду, Ош шаары 8 алдыңкы орунду, Нарын облусу 6, Жалал-Абад – 5, Чүй, Ысык-Көл жана Баткен үчөө тең бирдей 4 алдыңкы орунду камсыздады.

А.Кашыбаева,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер