БИРИНЧИ ЖОЛУ ӨЛКӨ МЕКТЕПТЕРИ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТҮШӨТ

  • 18.11.2017
  • 0

Үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрынан баштап биринчи жолу өлкөдөгү 1958 мектеп аккредитациядан өтөт.  Анын максаты — мектептин  билим берүү ишмердүүлүгүнүн сапатына баа берүү жана белгиленген кийинки мөөнөткө чейин сапаттуу билим берүүгө укук жана мүмкүнчүлүк берүүнү көздөйт. Бул иш-чараны өткөрүүдө республикалык бюджеттен 20 млн.сом каралды. Аккредитацияны өткөрүү талаптары, критерийлери, бөлүнгөн каражат эмнеге жумшалаары ж.б.у.с. суроолорго билим берүү жана илим министринин орун басары Салидин Калдыбаев менен министрликтин Лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгынын башчысынын м.а. Нурбек Казыев жооп беришти.

— Салидин агай, аккредитация түшүнүгүнө токтолсоңуз. Бул иш-чара качан жана кандай тартипте өтөт?

Мектепти аккредитациядан өткөрүү маселеси андагы ишке ашырылып жаткан билим берүү ишмердүүлүгүнүн сапатына баа берүү деген түшүнүктү билдирет. Мектеп окуучуга  канчалык сапаттуу билим бере алат? Сапаттуу билим берүү үчүн кандай шарттар түзүлгөн? Анын ичинде мугалимдердин кесиптик сапаты канчалык жогору? Мына ушулардын баардыгы кандайдыр бир түрдө бааланышы керек. Ошонун негизинде, андан ары бул мектеп белгиленген кийинки мөөнөткө чейин сапаттуу билим берүүгө укуктуу жана мүмкүнчүлүк ала алат деген түшүнүк. Аккредитациянын жыйынтыгы менен мындан ары беш жылга окуу процессин уюштурууга, билим берүү процессин жүргүзүүгө мүмкүндүгү бар деген чечим кабыл алынат. Демек, бул мектептин  сапаттуу билим берүүгө мүмкүнчүлүгү бар, ал үчүн шарт түзүлгөн, мугалимдер кесиптик билимдерин жогорулатышкан, окуучулардын дагы билим деңгээли жогору, олимпиададан жакшы ийгиликтерге жетишкен, ЖРТда дагы бүтүрүүчүлөр жакшы ийгиликтерди көрсөтүшкөн, артыкчылык аттестатын алууда дагы мектептин жетишкендиги жогору деген көрсөткүчтөрдүн негизинде мектепке дагы беш жылга билим берүү процессин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эгерде аккредитациялоодо көрсөтүлгөн кээ бир базалык көрсөткүчтөргө дал келе албаса, анда мектеп бир жылга деп шарттуу түрдө аккредитациядан өткөрүлүшү мүмкүн. Бул учурда мектепке тиешелүү тапшырма берилет жана ал бир жылдан кийин кайра аккредитациядан өтөт. Эгерде мектептин көрсөткүчтөрү абдан начар болсо, анда аккредитациялоодон баш тартылат. Менин оюмча, мектептердин азыркы абалы абдан эле төмөнкү деңгээлде эмес. Кандайдыр бир деңгээлдеги сапаттык көрсөткүчтөрү бар деп айтууга болот. Ушул жылдын октябрь айынан баштап республиканын бардык мектептери аккредитациялоо боюнча маалымат алып жатышат. 24-октябрда райондук жана шаардык билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда кеңири жыйын болуп өттү. Мектетерди аккредитациядан өткөрүү боюнча иш план бекитилген жана тиешелүү көрсөткүчтөр иштелип чыккан. Учурда мектептер даярдык көрүшүүдө.

—  Аккредитацияны ким өткөрөт жана кандай нукта өткөрүлөт?

— Аккредитацияны билим берүү жана илим министрлиги өткөрөт. Аккредитациялоо үч этап менен өткөрүлөт. Аны уюштуруунун графиктери түзүлгөн. Ага ылайык Бишкек менен Чүй облустарынын мектептери ноябрь-декабрь айларында аккредитациядан өтүшөт, ал эми 2017-жылдын декабрынан баштап кийинки жылдын февралына чейин Ысык-Көл, Нарын,  Талас, Баткен облустары өтүшү керек, 2018-жылдын январь айынан баштап мартка чейин Ош шаары, Ош жана Жалал-Абад облустары өтүшү зарыл.

Биринчи этапта мектептин өзүн өзү баалоо уюштурулат. Ал үчүн тиешелүү комиссия түзүлөт. Анын курамына ата-энелерден, жергиликтүү башкаруу органдарынан, Камкордук кеңештин мүчөлөрүнөн, мугалимдерден өкүлдөр кирет. Демек, бул комиссия мектепти объективдүү баалай турган комиссия болушу керек. Комиссия жалаң эле мектептин мугалимдеринен түзүлүп калбоосу керек.

— Комиссия эмнени карайт?

— Комиссия, эң негизгиси, мектеп сапаттуу билим берүү үчүн кандай ишмердүүлүктү аткарып жаткандыгын иликтейт. Мектепте окуу-тарбиялоо процессин уюштуруу үчүн кандай шарттар түзүлгөн, окуучулар үчүн бул шарттар ыңгайлуубу, методикалык камсыздоолору кандай, материалдык-техникалык базалары, мугалимдердин профессионалдык деңгээли, билимин жогорулатуусунун абалы кандай, дагы муктаждык барбы, мугалимдер кандай ийгиликтерге жетишти, окуучулардын жетишкендиктери кандай? Ошол жерде окуучулардын билим деңгээлдерин, чейректеги жетишкендиктерин дагы талдап көрүп, алардын негизинде комиссия жалпы маалымат түзөт дагы аны министрликке жөнөтөт.

Экинчи этап – министрликте ар бир мектепти баалоо үчүн эксперттик комиссия түзүлөт. Ал комиссия өзүн өзү баалоонун жыйынтыгын алып, мектеп жиберген портфолиону талдап чыгып, акккредитациялоо үчүн түзүлгөн критерийлер аркылуу анализ жүргүзөт. Мында канчалык деңгээлде мектеп аккредитациядан өтүүгө даяр экендиги аныкталат. Эксперттик комиссия өзүнүн чечимин даярдайт. Ушул эле этапта Улуттук тестирлөө борборунун адистери дагы мектептин окуучуларынан тестирлөө  жүргүзөт.  Анын жыйынтыгын алып, эксперттик комиссия чечим чыгарып, министрликтин коллегиясына сунуштайт.

Үчүнчү этап – министрликтин коллегиясы аркылуу чечим кабыл алуу этабы. Чечим үч түрдө кабыл алынышы мүмкүн. Коюлган талаптарга толук жооп берген учурда мектеп 5 жылга аккредитациядан өткөрүлөт. Кемчиликтер аныкталган учурда мектеп 1 жылдык мөөнөткө сын-пикир  менен жана кемчиликтерди жоюу талабы менен аккредитациядан өткөрүлөт. Олуттуу кемчиликтер аныкталган учурда мектепти аккредитациядан өткөрүүдөн баш тартуу чечими кабыл алынышы мүмкүн.

— Жергиликтүү комиссия объективдүү баалаганын кандай билесиздер?

— Мектептен келген документтер канчалык деңгээлде министрлик аркылуу түзүлгөн критерийлерге жооп берери аныкталат.  Эгерде айырмачылык келип чыккан болсо, анда комиссия жеринде барып текшерип, анан жыйынтыгы чыгарышы мүмкүн. Андан соң гана министрликтин коллегиясында каралып тиешелүү чечим чыгарылат.  Бул иш-чараны уюштуруу боюнча ушул жылдын 24-октябрында министрликтин атайын буйругу чыкты. Иш-чаралардын  планы түзүлүп бекитилди.  План боюнча учурда райондук билим берүү жана мектеп жетекчилери даярдык көрүшүүдө.

— Аттестация менен азыркы аккредитациянын айырмасы эмнеде?

Аккредитация түшүнүгү мурда аттестация деп аталып келген. Болжолдуу түрдө азыркыдай эле талап коюлуп келген. Аттестациялоонун жыйынтыгында «Мектеп аттестациядан өттү, ишмердүүлүгү бааланды. Канааттандырарлык же канааттандырарлык эмес» — деген чечим чыгарылчу. Аккредитация түшүнүгү «Мектептин ишмердүүлүгү сапаттуу билим берүүгө татыктуу (же татыктуу эмес), кийинки беш жылдыкка ишмердүүлүгүн улантууга мүмкүнчүлүк берет (же бир жылга, ж.б.)» дегенди билдирет.

2017-жылы «Кыргыз Республикасынын Билим берүү тууралуу» Мыйзамынын 40-беренесине аккредитациялоо тууралуу өзгөртүү киргизилди. Анын негизинде 2017-жылдын 16-июнда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынып, мында негизги жана орто жалпы билим берүү  программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын аккредитациялоонун тартиби,  негизги жана орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу, аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптар бекитилди.

— Минималдуу талаптар деген эмне?

— Бул — билим берүү уюмдарын аккредитациялоого карата сөзсүз түрдө коюлуучу талаптардын жыйындысы. Мында билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатына жана башкаруу эффективдүүлүгүнө коюлган талаптар, окутуу мазмунуна, компетенттүү окутууга жана окуучулардын жетишүүсүн баалоого коюлган ж.б. талаптар. Ар бири талаптарга критерийлер келтирилген. Жалпы жонунан 50гө жакын критерийлер камтылган. Булар мектептин ишмердүүлүгүн  объективдүү баалоого мүмкүндүк берет.

Портфолиого эмнелер кирет?

— Топтолгон документтер менен кошо портфолио министрликке тапшырылат. Портфолиодо төмөнкүдөй маалыматтар камтылат: Билим берүү жөнүндө маалымат (укуктук-нормативдик документтер; мугалимдер, окуучулар жөнүндө маалыматтар);  билим берүү программасынын мамлекеттик стандартка туура келиши (окуу планы, программалар, кошумча программалар, кайсы предмет тереңдетилип окутулуп жатканы тууралуу); класстан тышкаркы иштер, тарбиялык иштер; билим берүү программасын өздөштүрүүнүн жыйынтыктары (олимпиада, бүтүрүү экзамендери, көз карандысыз сынактар, жеңүүчүлөр ж.б.); билим берүү программасынын окуу-методикалык жактан камсыз болушу (окуу китептери кандай, окуу методикасынын колдонулушу, электрондук окуу куралдары колдонулабы, окуу программаларын колдонуп атабы, заманбап технологиянын колдонуу абалы кандай ж.б.у.с. маалыматтар жазылышы керек);  материалдык-техникалык жактан камсыз болушу (проекторлор, интерактивдүү такталар барбы, карталар, плакаттар, химиялык, физикалык лабораториялар менен камсыз болгонбу); билим берүү ишмердүүлүгүнө ата-энелердин катышуусу (канчалык денгээлде мектепке ата-эне көмөк көрсөтүп жатат, билим берүү процессине кандай жардам берип атат, сабактан тышкаркы процесске ата-энелердин жардамы кандай жана кандай катышып жатат) жана социалдык кызматташуу (мектеп коомчулук менен кандай байланышта). Портфолионун негизинде эксперттик комиссия жыйынтыгын чыгарат.

 

Нурбек Казыев, Билим берүү жана илим министрлигинин Лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу:

—  Буга чейин мамлекеттик жана муниципалдык  мектептер аккредитациядан өткөн эмес.  2016-жылдын 1-сентябрынан баштап  көз карандысыз аккредитациялык агенттиктер бардык билим берүү уюмдарын аккредитациялоону өздөрүнө алышкан. Бирок алар  басымды жогорку, орто кесиптик жана башталгыч кесиптик окуу жайларга бургандыктан, мектептерди аккредитациялоо  ара жолдо калып калган.  Ошолорду эске алуу менен быйыл мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип,  өкмөттүн токтому чыкты. Анын негизинде, мектептерден баштап орто кесиптик окуу жайларына чейин параллел түрдө мамлекеттик аккредитация жүргүзүлө турган болду. Андыктан мамлекеттик, муниципалдык мектептер дагы аккредитациядан өткөнгө туура келип жатат. Азыр даярдыктар көрүлдү, жалпысынан өлкө боюнча 1958 мектеп  документтерин даярдап  өткөрүп жатышат. Бул деген, алар  аккредитациядан өткөндөн кийин,  мамлекеттик  үлгүдөгү аттестат жана күбөлүк бере алат дегендик. Түзүлгөн график боюнча быйылкы жылдын 14-ноябрынан баштап Бишкек шаарынан 65 мектеп өтүшү керек. Буюрса, ноябрь айынын акырында же декабрдын башында жыйынтыгын коллегияга киргизебиз.

— Кандай талаптарга жооп бериши керек?

— Аккредитациялык талапта эң негизги маселе – балдардын  билим сапатынын кандай деңгээлде экенин аныктоо. Албетте, билим сапатына басым жасайбыз, бирок материалдык-техникалык базасы, ичиндеги кадр маселеси, окуу-методикалык базасы канчалык деңгээлде экени, алар азыркы учурдагы талаптарга жооп береби деген маселелерге көңүл бурабыз.

— Аккредитацияны электрондук форматта өткөрсө болобу?

— Бара-бара  электрондук форматта өткөргөнгө аракет кылып, даярданып жатабыз. Буюрса, аккредитацияны дагы, лицензияны дагы келечекте интернет аркылуу он-лайн режимде, электрондук жүктөгүчтөр менен материалдарды жыйнап алып туруп, ошонун негизинде өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатат. Негизинен, быйылкы жылдын аккредитациялоо графиктери түзүлдү. Өлкө боюнча бардык аймактар камтылды. Шартка байланыштуу абдан көп сандагы мектептер, бирок бир жагынан жеңилирээк болуп калды. Себеп дегенде, алар  интернет аркылуу бардык документтерин мыйзамдагы коюлган талаптар боюнча бизге жөнөтүп жатышат. Мурда аттестация  (аккредитация) деген маалда биз 5-6 адамдын курамында комиссия түзчүбүз, алар жеринде иштеп, текшерип, жыйынтыгын чыгарып, анан келип  чечим чыгарчубуз. Учурда  республика боюнча бардык мектептер маалыматтарды электрондук түрдө жөнөтөт, биз аны иштеп чыгабыз (обработка), жыйынтыгында мектеп канчалык деңгээлде окуу процессин алып баратат жана жыйынтыгы кандай деген тыянак чыгат. Андан кийин талаптарыбызга салыштырабыз. Андан ары Улуттук тестирлөө борбору мектептерге  барып, окуучулардан тест алып, бизге билим сапатын аныктап берет. Биздин талаптар боюнча билим сапаты жок эле дегенде 40% дан жогору болушу керек. Бул учурда аккредитациядан өттү деген сунуш менен коллегияга киргизебиз. Эгерде 40% төмөн болсо, анда мектепте  иш начар жүргөн, жетекчилиги ишти ырааттуу жүргүзгөнгө чара көргөн эмес деген негиз менен келээрки жылы кайра аккредитациядан өтөсүңөр деген чечим чыгарылат. Бирок башында бир жылга шарттуу түрдө мүмкүнчүлүк  берилет,  тыгыраак айтканда, мамлекеттик үлгүдөгү документтерди бергенге уруксат берилет. Өтө эле начар болгондо жетекчилерине тийиштүү чаралар колдонулат.

— Буга чейин аккредитациядан өтпөй калган  мектептер болду беле?

— Болгон. Өткөн жылы биз аккредитациялоо   иш-чарасын жүргүзгөнбүз. Анын негизинде  жалпы 40 мектептин ичинен 7 билим берүү уюму талапка жооп бере алган эмес. Бир жылга эле аккредитацияланып калган. Мамлекеттик жана менчик мектептер, анын арасында башталгыч кесиптик билим берүү уюмдары дагы бар.

— Иш-чараны өткөрүүгө  каражат каралдыбы?

— Келерки жылдын бюджетине киргизгенге сунуш бергенбиз. Ал каралып жатат. Чон суммадагы акча каражаты каралып жаткандан кийин, маселе чечилет деген үмүттөбүз.

— Бул каражат эмнеге жумшалат?

— Тест жүргүзүү үчүн каражат керектелет, андан тышкары айрым мектептерге кээ бир учурларда атайын комиссиялар текшерип келгенге туура келет, алардын жол кирелери, тамак ашы, жатаканасы, сертификатты даярдаш үчүн кеткен каражаттар.

— Ошондо мектеп каражат чогултпайбы?

— Ооба, мектеп каражат чогултпайт. Мыйзамда да «мамлекет тарабынан каржыланат» деп көрсөтүлгөн. Мурда деле мектепке биз жүк арткан эмеспиз. Болгону мектеп барган комиссиянын жол киресин төлөп беришчү. Анан мыйзамдын чегинде көрсөтүлгөн сааттык жүктөмө, мектептин  атайын эсебинен алынып төлөнчү.  Азыр анын баары четтетилди. Аккредитациянын, лицензиянын дагы негизги максаты — коррупцияны четтетүү  болуп саналат. Мында окуу жайдын жетекчилиги менен биздин кызматкерлердин өз ара түз  катышы жокко чыгарылат. Заманбап технологиянын негизинде байланыш түзүлөт.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Бөлүшүү

Комментарийлер