БИРИНЧИ МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН КЕЗЕКТЕГИ СЫНАК

  • 30.08.2022
  • 0

Санжарбек Данияровдун коомдук фонду кезектеги “Биринчи мугалим-2023” сынагын жарыялады.

Санжарбек Данияровдун коомдук фондунун “Биринчи мугалим” сынагы айыл жергесиндеги мектептерде эмгектенген башталгыч класстын мугалимдерине арналып 11 жылдан бери өткөрүлүп келет. Фонддун негиздөөчүсү жана директору Асель Даниярованын айтымында, сынактын жеңүүчүсү фонддун баш байгеси – Москва шаарына 10 күнгө маданий-маалымат арттыруучу саякатка барат. Андан тышкары, “Биринчи мугалим” сынагынын биринчи, экинчи жана үчүнчү орунду ээлеген лауреаттары класстагы окуучулары менен Бишке шаарына эки күндүк экскурсияга келишет.

— Былтыркы пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөр биздин сынактын иш-чараларын өткөрүүгө тоскоолдуктарды жаратты. Бирок убакыттан бир аз уттурганыбыз менен быйыл эки жылдын жеңүүчүлөрүн бириктирип, Москва шаарына жана Бишкек шаарына саякаттарды уюштуруп жетише алдык. “Биринчи мугалим” сынагынын баш байгесин алган эки жеңүүчү мугалим июль айында Москвага саякаттап барып келди. Мааниси жагынан андан кем эмес биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген мугалимдер класстагы окуучулары менен Бишкек шаарына келип, борборубуздагы эң кызыктуу жана маанилүү жерлерге экскурсияга чыкты. Бишкек шаарына экскурсияны класстагы окуучулардын көптүгүнө жана балдардын жаш курагына байланыштуу экиге бөлүп өткөрдүк, — дейт Асель Санжарбековна.

Эскерте кетсек, фонд кезектеги, 2023-жылдагы сынактын Жобосун жана башталгыч класстын мугалимдери жаза турган дилбаяндын темасын жарыялады.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер