“БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2021” СЫНАГЫНЫН БИРИНЧИ ТУРУ АЯКТАДЫ

  • 14.02.2022
  • 0

Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 10 жылдан бери уюштуруп келаткан “Биринчи мугалим” сынагынын 2021-жылдагы финалисттери аныкталды.

Жалпыбызга белгилүү болгондой, коронавирус тумоосунун кесепетинен көп иш-чаралар өз убагында өткөрүлбөй, бир аз артка жылып калган эле. Мындай тоскоолдук “Биринчи мугалим” сынагынан да кыя өткөн жок.

Быйыл жыл башында былтыркы жыл үчүн жарыяланган сынактын биринчи турунун катышуучулары жазган дилбаяндар калыстар тобу тарабынан бааланып, жыйынтыгы чыкты. Сынактын шарты боюнча биринчи турда жазылган дилбаяндарды баалоодо эң жогорку упай алган алты катышуучу автоматтык түрдө экинчи турга өтөт.

Санжарбек Данияровдун коомдук фондунун негиздөөчүсү жана директору Асель Даниярованын айтымында, кезектеги сынактын экинчи турунда жылдагыдай алты катышуучу эмес, сегиз катышуучу экинчи турдагы билим таймашына чыгышмакчы, себеби сегиз катышуучунун упайлары дээрлик бирдей болгон.

Айыл мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдерине арналган “Биринчи мугалим-2021” сынагына республика боюнча жалпысынан 100 мугалим дилбаян жөнөткөн. Анын ичинен сынактын талабына шайкеш келген 66 дилбаян кабыл алынган. Сынакты уюштуруучулардын айтымында, бул сынакка кийинки учурда Ысык-Көл облусунун башталгыч класстар мугалимдери активдүү катышып келет. Быйыл да ысык-көлдүктөр алдыда, б.а. Ысык-Көлдөн – 20, Таластан – 18, Баткенден – сегиз, Жалал-Абад, Нарын жана Оштон – бештен мугалим катышса, Чүй облусунан болгону үч мугалим катышкан.
Сынактын Жобосунда белгиленгендей, экинчи турга өткөндөр үч байгелүү орун үчүн таймашат. Эскерте кетсек, сынактын баш байгесин жеңип алган мугалим Москва шаарына 10 күндүк саякатка барат, ал эми үч байгелүү орунга ээ болгон мугалим класстагы окуучулары менен Бишкек шаарына экскурсияга келет.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер