БИРИНЧИ КОҢГУРОО: В.МОЗГАЧЕВА ВОЕННО-АНТОНОВКА МЕКТЕБИНЕ БАРДЫ
- 15.09.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Виктория Мозгачева Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка орто мектебинде жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө министрдин орун басары окуучуларды, мугалимдер жамаатын жана ата-энелерди 2026–2027-окуу жылынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктады. 
“Мектеп — ар бир баланын келечегине жол ачып, адам болуп калыптанышына негиз түзгөн билим уясы. Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө колдоо көрсөтүлүүдө. Ар бир окуучунун жетишкендигинин артында мугалимдин талыкпаган эмгеги турат. Өлкөбүздүн келечеги үчүн билимдүү жана татыктуу муунду тарбиялап жаткан мугалимдерге терең ыраазычылык билдирем”, — деп баса белгиледи Виктория Мозгачева өз сөзүндө. Ошондой эле, ал мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында министрликтин атынан 10 даана компьютердин сертификатын тапшырды.

Белгилей кетсек, учурда Военно-Антоновка орто мектебинде жалпысынан 2612 окуучу 82 класста билим алып, аларга 128 мугалим билим-тарбия берип келет. Быйылкы окуу жылында 1-класска 236 наристе кабыл алынып, алар үчүн сегиз класс түзүлгөн. Алардын төртү кыргыз тилинде, ал эми калган төртү орус тилинде окутат.
А.К., «КБ»