БИРИНЧИ ИНЖЕНЕРГЕ 110 ЖЫЛ

  • 29.11.2018
  • 0

К.Көлбаев атындагы Бишкек автожол колледжи менен бирдикте Транспорт жана жол министрлиги, автомобиль жана жол куруу тармагынын ардагерлери кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири, жол тармактарынын негиздөөчүсү, биринчи инженер аталган Кусеин Көлбаевдин 110 жылдыгын белгилешти.  Иш-чаранын алкагында Бишкек автожол  колледжинде  Жол машиналарын жана автоунааларды техникалык тейлөө жана диагностикалоо лабораториясы да ачылды.

БИРИНЧИ ИНЖЕНЕРГЕ 110 ЖЫЛ

 Заманбап лаборатория

Колледждин атын чоң сыймык менен туура 20 жылдан бери алып жүргөн кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири, кайсы гана жооптуу кызматтарда иштебесин биринчи инженер аталган жана 1997-жылы Автожол техникумунун ачылышына башкы негиздөөчү болгон Көлбаев Кусеин Көлбаевичтин 110 жылдыгына чогуу иштешкен кызматташтары, анын эң жогорку адамдык сапатын баалашкан, кыргыз элине өзүнүн кошкон зор салымын  жана ага баа берген шакирттери келип, окуу жайдын алдындагы К.Көлбаевдин эстелигине гүл коюу менен иш-чараны башташты.  Андан соң окуу жайдагы Жол машиналарын жана автоунааларды техникалык тейлөө жана диагностикалоо лабораториясын Автотранспорт жана шоссе жолдорунун экс-министри, бүгүнкү күндө Транспорт жана жол министрлигинин ардагерлер кеңешинин төрагасы Кыдырма Орозалиев баш болгон ардагерлер кызыл лента кесип, заманбап лабораторияны ачышты.

Бишкек автожол колледжинин директору, техника илимдеринин кандидаты Асылбек Алымкулов келгендерге иш-чаранын максаты, жаңы ачылган заманбап лабораториянын түзүлүшү, милдети тууралуу кеңири айтып берди.

—  Иш-чаранын негизги максаты — К.Көлбаевдин 110 жылдыгына арналды. Анын наамы колледждин  педагогикалык жамаатынын суранычы менен 1997-жылы 22-декабрда өкмөттүн токтомунун негизинде берилген. Ал Кыргызстандын автомобиль жана жол тармагынын негиздөөчүсү катары бардык жерде белгилүү. Кыргыз элинин ар дайым жүрөгүндө. Биринчи инженер деген атты ушул киши алган экен. Катаал учурларда ал Автомобиль жана шоссе жолдору министрлигин 23 жыл башкарган. Чоң-чоң жолдордун баардыгын негиздеген.  Кыргызстандагы транспорт жана жол мекемелерин жетектеп тургандын бардыгы тең К.Көлбаевдин окуучулары. Биз аны менен сыймыктанабыз. Жылда эле К.Көлбаевдин туулган күнүнө карата окуу жайдын студенттери  дилбаяндарды, эсселерди жазып, класстык сааттарда анын эмгектери менен таанышып турушат. Бул жолу дагы бир топ иш-чаралар өткөрүлдү. Колледждин 60 жылдык тарыхында мындай чоң иш-чара өткөн эмес экен.

Айта кетчү жагдай, биз Азия өнүктүрүү банкынын 2-фазасындагы сынакка катышып, тандоо менен өттүк. Алар биздин окуу жайга  чоң заманбап, технологиялык лабораторияларды куруп беришти. Бир лабораториянын турган тутуму 75 миң доллар, ошондо 156 миң долларга лабораторияны ачып беришти. 180 миң сомго лабораториялык корпусту ремонт жасашты. Эң негизгиси, окуу жайда окуу-өндүрүштүк база пайда болду, — дейт Асылбек Алымбеков.

Кыргызстанда биринчи жолу ачылган заманбап лабораторияда И.Раззаков атындагы КТУнун,  КГУСТАнын студенттерине  практика өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

— Колледждин, жождордун студенттери алган теориялык билимдерин практикада кыйналбай, керектүү жабдыктар менен таанышышат.  Студенттер үчүн заманбап техникаларды тейлөө жана оңдоо жабдыктары орнотулду. Кийинки жумадан тарта автожол куруучу автоунааларды көтөрүп түшүрүүчү, эксплуатациялоочу кесипке окуп жаткандардан алгачкы  практикадан өтүшөт. Жабдыктарды иштетүүнүн алдында эң негизгиси  эмгек коопсуздугу керек. Мурдатан колдонулбай жүргөн класстарда дизель жана бензин майлары менен иштечү  ЗИЛ жана МАЗ автомашиналарынын моторлору, кыймылдаткычтары орнотулган, — дейт колледждин директору.

БИРИНЧИ ИНЖЕНЕРГЕ 110 ЖЫЛ

Улуу инсанга таазим

Иш-чаранын экинчи бөлүгү улуу инсан Кусеин Көлбаевдин 110 жылдыгына  арналды. Алгачкы сөздү Транспорт жана жол министринин орун басары Жеңиш Ногойбаев  алып,

Кыргыз ССРинде биринчи инженер, автотранспорт жана автошоссе жолдорунун негиздөөчүсү, биринчи министр Көлбаев Кусеиндин өмүр жолуна токтолду. Ал И.Раззаков, Т.Усубалиев менен катарлаш бир эле жол транспорт эмес, экономикага, маданиятка жеке зор салымын кошкон инсан экенин баса белгиледи.

БИРИНЧИ ИНЖЕНЕРГЕ 110 ЖЫЛ

— Анын чечкиндүү  аракетинин негизинде министрликтин алдында Автожол техникуму ачылган. Студенттер окуп жаткан колледждин имаратын, «Манас» аэропортун курганын айтпай коюуга болбойт. Учурунда жүргүнчү ташыган автобустар болгон эмес. Ал министрликке келгени менен жолдор асфальттанып, автобекеттер курулду. Түндүк менен түштүктү бириктирген жолдорду курганын айтпай коюуга болбойт. Миңдеген мыкты кадрларды өстүрүп чыкты, — деди Ж.Ногойбаев.

БИРИНЧИ ИНЖЕНЕРГЕ 110 ЖЫЛ

Андан соң сөздү Автотранспорт жана шоссе жолдорунун экс-министри, бүгүнкү күндө Транспорт жана жол министрлигинин ардагерлер кеңешинин төрагасы Кыдырма Орозалиев алып, К.Көлбаевдин ишмердиги, чечкиндүүлүгү, эмгекчилдиги, айтор, Кыргызстандын эл чарбасынын эң алгачкы өнүгүшүндөгү эң башкы маселе жолсуздукту жоюу —  Көлбаевдин ысымы менен тыгыз байланышканын баса белгиледи.

Кызыктуу докладдан кийин сөздү экс-премьер-министр Апас Жумагулов алып, К.Көлбаев чын эле республикабызда, элибизде, жерибизде белгилүү, эмгеги элге, жерге сиңген, биринчи инженер болуп, абдан чоң жолду басып өткөн кишилердин бири экенине токтолду.

— Замандашы катары бул кишинин басып өткөн жолун, чогуу иштешкен кесиптеш катары жакшы билем. Ушундай кишилер убагында болуп, алар өткөндө эл урматтап, басып өткөн ишин элдин алдында эскерип, урматтап жүрсөк, абдан ыйык нерсе болот эле. Айтылган сөздөр жаш муунга, аларды тарбиялаганга, Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүнө өтө керек. Бул киши чыгаан, элим, жерим деп максат койгон эле. Өзүн унутуп коюп, күндүр-түндүр жашоосун ишке берген. Ишке берилген, эң негизи мыкты кадрларды таптап, даярдап чыккан.  Болгондо да жергиликтүү кадрларды көтөрүп келген. Жолдор элди байытаарын билген. Өзүнүн оюн эч кимге бербеген, эч кимден коркпогон эр жүрөк адам эле. Ушундай маанилүү тармакты жетектеп, бир топ имараттарды, жолдорду курган адам түбөлүктө эсибизде калат, — деди Апас Жумагулов.

Андан кийин сөзгө чыккан К.Көлбаевдин замандаштары, окуучулары, шакирттери  Акунов Бейшебек,  Гасанов Асад,  Тойгонбаев Эсен, Саманкунов Сардарбек,  Акматалиев Адырбектер аны менен кантип таанышкандарын, ишмердигин, уюштуруучулугун, маселени так коюп, ток этээр жерин сураганын, анын адам катары наркын, баркын айтып, анын атынан сыйлык уюштурууну сунушташты.

— К.Көлбаев жыл сайын 60 баланы Москвага жөнөтүп, окуттуруп келчү. Мыкты кадрларды өстүргөн, мыкты жетекчи эле. Менимче,  К.Көлбаев атындагы медаль жасатып, аны татыктууларга тапшыруу керек, — деди Асад Гасанов.

Жыйындын акырында Бишкек автожол колледжинин жамааты тарабынан даярдалган чакан концерт тартууланды.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер