БИРИМДИККЕ ҮНДӨГӨН БИРИНЧИ САБАК

  • 26.08.2022
  • 0

Саналуу күндөрдөн кийин жаңы окуу жылы башталат. Салт болуп калгандай, 1-сентябрда Кыргызстандын бардык билим берүү мекемелеринде биринчи сабак өтөт. Билим берүү жана илим министрлиги быйылкы жылда өтүлүүчү сабактын темасын “Кыргыз жараны – жарандардын биримдигинин негизи” деп белгилөө менен, жарандык, патриоттук, биримдикке басым жасалган салтанаттуу иш-чараларды жана биринчи сабакты өткөрүүнү уюштуруу тууралуу буйрук чыгарды.

Ага ылайык, бардык жалпы билим берүү уюмдары менчигинин тибине жана түрүнө карабастан, 2022-2023-окуу жылын 1-сентябрда баштап, жетекчилери “Кыргыз жараны – жарандардын биримдигинин негизи” темасында салтанаттуу иш-чараларды жана биринчи сабакты өткөрүүнү уюштурууга тийиш.

Белгилей кетүүчү жагдай, быйылкы окуу жылында республикадагы жалпы билим берүү уюмдарында окуу жуманын башында жана аягында салтанаттуу тарбиялык, конкурстук иш-чараларды өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гимнин аткаруу менен коштолуусу абзел.

Министрликтин жогорудагы буйругунун 2-пунктунда “Окуу-тарбия процессин ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы №393 токтому менен бекитилген компетенттүүлүккө негизделген окутуу моделинин негизинде Кыргыз Республикасында мектепте жалпы билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартын этап-этабы менен ишке киргизүү эске алынсын, ошондой эле 2025-жылы PISA мектеп окуучуларынын билим берүү жетишкендиктерин Эл аралык изилдөөгө катышуусуна даярдоо боюнча министрликтин тиешелүү иш-аракеттеринин планы жетекчиликке алынсын” деп белгиленген. Ошол эле жерде дагы бир өтө маанилүү жагдайлар, атап айтканда, өнүктүрүүчү жана толеранттуу окуу чөйрөсүн камсыздоо, өспүрүмдөрдүн ден соолугуна кам көрүү чараларын көрүү да эске алынган.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы №39 Жарлыгы менен бекитилген 2021-2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы Кыргыз жараны – жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүүнүн Концепциясынын принциптеринин негизинде өнүктүрүүчү жана толеранттуу окуу чөйрөсү менен камсыз кылуу; жугуштуу оорулардын, анын ичинде COVID-19 инфекциясынын жайылышын болтурбоо үчүн тиешелүү иштерди жүргүзүү зарылдыгы көрсөтүлгөн.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер