«БИРГЕЛЕШКЕН ИЙГИЛИККЕ 10 КАДАМ»: КОЖОМКУЛ АЙЫЛЫНДА АТА-ЭНЕЛЕР ДЕКАДАСЫ ӨТТҮ
- 14.09.2026
- 0
Сокулук районунун Кожомкул айылындагы жалпы билим берүү орто мектебинде балдардын келечегине ата-энелердин жоопкерчиликтүү мамилесин күчөтүүгө багытталган «Биргелешкен ийгиликке 10 кадам» аттуу ата-энелер декадасы өткөрүлдү. Декаданын негизги максаты – мектеп менен ата-эненин байланышын бекемдөө, баланын билим алуусуна, тарбиясына жана коопсуздугуна биргелешип кам көрүү менен анын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүү болду. 
Декаданын жүрүшүндө ата-энелер баланын ийгилиги мектептеги билим менен гана чектелбестен, үй-бүлөдөгү мамиледен, ата-эненин көңүл буруусунан жана туура багыт берүүсүнөн түздөн-түз көз каранды экенине өзгөчө көңүл бурушту. Баланы угуу, түшүнүү, колдоо, ага убакыт бөлүү, жоопкерчиликти калыптандыруу, дени сак жашоо образын кармануу, коопсуздугун камсыз кылуу сыяктуу маанилүү багыттар талкууланып, ата-энелер өз ойлору жана тажрыйбалары менен бөлүшүштү. 
«Биргелешкен ийгиликке 10 кадам» декадасы ата-энени жөн гана баланын окуусуна көз салган адам катары эмес, анын өнүгүүсүнө түздөн-түз катышкан өнөктөш болууга үндөдү. Ийгиликке жетүү үчүн балага талап коюу менен катар аны угуу жана түшүнүү, жетишкендигин баалоо, көйгөйү жаралганда жанында болуу маанилүү экени белгиленди. Ата-энелердин декадага активдүү катышуусу да бул темалардын үй-бүлө үчүн канчалык маанилүү экенин көрсөттү. 
Жолугушууда билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөр, анын ичинде 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле келечекте окуучунун кызыгуусуна, жөндөмүнө жана кесиптик багытына жараша билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзгөн профилдик билим берүү системасы тууралуу кеңири айтылды. Бул өзгөрүүлөр баланы өз алдынча ой жүгүртүүгө, жөндөмүн ачууга, келечектеги кесибин туура тандоого даярдоого багытталары белгиленди. 
Балдардын дени сак болушу – алардын толук кандуу билим алып, өнүгүшүнүн негизги шарттарынын бири экени да көңүл борборунда болду. Ата-энелерге баланын тамактануусуна, күн тартибине, кыймыл-аракетине, уйкусуна жана жалпы ден соолугуна кам көрүү менен бирге анын эмоционалдык абалына да көңүл буруу керектиги айтылды. Дени сак бала гана өзүнүн мүмкүнчүлүгүн толук ачып, билим алууга жана коомго активдүү аралашууга даяр болору белгиленди. 
Мындан тышкары, баланын коопсуздугу, анын ичинде интернет мейкиндигиндеги коопсуздук маселеси кеңири талкууланды. Азыркы учурда балдар санариптик чөйрөдө көп убакыт өткөрүп жаткандыктан, ата-эне баланын интернеттеги жүрүм-турумуна көз салып, жеке маалыматтарын коргоо, шектүү маалыматтарга ишенбөө, бейтааныш адамдар менен баарлашууда этият болуу сыяктуу жөнөкөй, бирок маанилүү эрежелерди үйрөтүшү зарыл экендиги белгиленди. 
Жолугушууда баланын психологиялык абалына көңүл буруу өзгөчө маанилүү экени белгиленди. Баланы дайыма салыштыруу, ашыкча талап коюу же анын оюн укпай коюу анын өзүнө болгон ишенимине таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан ата-эне баласы менен ишенимдүү мамиле түзүп, анын көйгөйүн угуп, сезимдерине түшүнүү менен мамиле кылуусу зарыл. Мектеп менен үй-бүлөнүн ортосундагы ачык байланыш да баланын өзүн коопсуз жана ишенимдүү сезишине өбөлгө түзөрү айтылды. 
Кожомкул айылындагы мектеп жамааты үчүн «Биргелешкен ийгиликке 10 кадам» декадасы ата-энелер менен мектептин кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган маанилүү иш-чара болду. Өнүгүү, өсүү жана ийгиликке карай ташталган бул кадамдар мындан ары да улантылып, бала үчүн мектеп, ата-эне жана коом бир багытта аракеттенгенде гана туруктуу натыйжа жаралары белгиленди.
А.К., «КБ»