БИРГЕЛЕШКЕН ДОЛБООРДУН БИРДИКТҮҮ НАТЫЙЖАСЫ

  • 15.11.2022
  • 0

10-12-ноябрда Жалал-Абад шаарында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы мектептен тышкаркы уюмдардын балдарга кошумча билим берүү уюмунун педагогдору “Кошумча билим берүү уюмунун жетекчисинин башкаруучулук компетенциялары” темасында окуудан өттү.

БИРГЕЛЕШКЕН ДОЛБООРДУН БИРДИКТҮҮ НАТЫЙЖАСЫ

Квалификациясын жогорулатуу эл аралык программасын республикалык «Балажан» эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору РФдагы “К.Ушинский атындагы Ярославль мамлекеттик педагогикалык университети” федералдык мамлекеттик бюджеттик жогорку окуу жайы менен бирдикте ишке ашырууда.

КР Билим берүү жана илим министрлиги менен РФ Билим берүү министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумдун алкагында балдарга кошумча билим берүүчү мекеме-уюмдарынын педагогдорунун квалификациясын жогорулатуу боюнча өз ара тажрыйба алмашуу программасынын биринчи этабы 7-9-ноябрда Бишкекте өттү.БИРГЕЛЕШКЕН ДОЛБООРДУН БИРДИКТҮҮ НАТЫЙЖАСЫ

Заманбап билим берүүнүн эң маанилүү максаты жана коомдун жана мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири жоопкерчиликтүү, чыгармачыл, демилгелүү, чыгармачыл баланы калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн социалдык-педагогикалык колдоо көрсөтүү экени маалым. Ушуга байланыштуу балдарга кошумча билим берүү системасы бүгүнкү күндө заманбап Кыргызстандын билим берүү мейкиндигинде эң интенсивдүү өнүгүп жаткан тармак болуп саналат.

Аталган программанын максаты — Кыргыз Республикасынын заманбап мамлекеттик билим берүү саясатын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кесиптик башкаруу компетенцияларын кеңейтүү.БИРГЕЛЕШКЕН ДОЛБООРДУН БИРДИКТҮҮ НАТЫЙЖАСЫ

22 саат лекция, 32 практикалык сабак жана 18 саат өз алдынча иштөө боюнча эл аралык программанын негизги лекторлору Сочи мамлекеттик университетинин педагогикалык жана психологиялык-педагогикалык билим берүү кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору А.Золотарева, профессор п.и.к., физика-математика факультетинин деканынын милдетин аткаруучу, “Педагогиканын теориясы жана тарыхы” кафедрасынын улук окутуучусу Н.Мухамедьярова, Республикалык «Балажан» эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун директору, п.и.к. Д.Мусина ж.б.

Биргелешкен долбоордун натыйжасында катышуучулар кошумча билим берүүнүн мектептен тышкаркы уюмдарын өнүктүрүү программалары боюнча идеяларды жана пландарды иштеп чыгат жана коргойт.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

«Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер