БИР ЖЫЛДА 15 МЕКТЕП ЖАНА БИР БАЛА БАКЧА

  • 25.11.2022
  • 0

«Алтын-Ордо» жаңы конушундагы жаңы ачылган мектеп 4800 орунга ылайыкташтырылган. Окуу корпусунда окуу класстары, ашкана, спорт жана жыйындар залы, даараткана ж.б. бардык тиешелүү бөлмөлөр бар. Сметалык баасы – 210 251,8 миң сомду түзгөн.

БИР ЖЫЛДА 15 МЕКТЕП ЖАНА БИР БАЛА БАКЧА

Жалпы аянты 2 040 м.кв. болгон спорт жана жыйындар залы баш калаабыздагы №6 автордук окуу-тарбия комплексинде курулду. Мында жыйындар залынын долбоору 130 орундуу эстрада аянты жана кийим чечкен жайы менен даярдалган. Имараттын өзү 600 кошумча орунга ылайыктуу.

БИР ЖЫЛДА 15 МЕКТЕП ЖАНА БИР БАЛА БАКЧА

“Көлмө” жаңы конушунда ачылган №78 мектеп-гимназиясынын жалпы аянты 2309 м.кв., мектептин жаңы имаратынын долбоордук кубаттуулугу 380 окуучуга ылайыкталган.

Жаңы корпуста 15 окуу кабинети, жыйындар залы, китепкана, спорт залы, футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары бар. Мектеп-гимназия 1564 окуучуга эсептелген.

БИР ЖЫЛДА 15 МЕКТЕП ЖАНА БИР БАЛА БАКЧА

Бишкек шаарындагы №40 орто мектебинде 4 137 м.кв.аянттагы кошумча окуу корпусу курулду. Жаңы курулган үч кабат имаратта 18 окуу классы, спорт жана жыйындар залы бар жаңы курулган үч кабат имарат 500 орунга ылайыкталган. Мектептин аянтында футбол, волейбол, баскетбол, воркаут менен машыга турган спорт аянтчалары бар.

БИР ЖЫЛДА 15 МЕКТЕП ЖАНА БИР БАЛА БАКЧА

Мамлекет башчысы салтанаттуу жагдайда кызыл лентаны кесип, 550 окуучу орунга эсептелген 3 кабаттуу жаңы имарат менен таанышты. Президент жаңы мектептин окуу класстары жана устаканалары, спорттук жана жыйындар залдары, ашкана, лабораториялар жана башка жайларын көрүп чыкты.

Садыр Жапаров жыйында сүйлөгөн сөзүндө билим берүү мекемелерин куруу – мамлекеттин милдети, ал эми сапаттуу билим берүү – мугалимдердин милдети экенин баса белгилеп, окуучуларды жакшы окууга, кийинки жашоосунда пайдасы тие тургандай терең билим алууга умтулууга чакырды.

Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен жаңы окуу жылынын ачылышына карата жаңы мектеп, мектепке кошумча окуу имараттары курулуп ишке берилгени маалым. Белгилей кетсек, буга чейин бир катар жаңы конуштарда жаңы мектеп ачылып, окуучулар жол азабынан арылган эле. Алсак, “Алтын-Ордодо” №100 орто мектеп, “Рухий мураста” №101 орто мектеп жана “Ак-Ордо” жаңы конушунда №102 орто мектептин салтанаттуу ачылышы болуп өткөн. Ошондой эле авариялык абалда калган №10, №75, №76, №78 ж.б. мектеп имараттары жаңыдан курулган жана жаңы окуу корпустары кошулган.

Расмий билдирүүлөр боюнча республикадагы  1 млн 407 миң мектеп окуучунун керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жыл сайын 25ке жакын мектеп куруу зарыл. Учурда билим берүү тармагына тиешелүү 261 объектиде, анын ичинде 133 авариялык мектепте курулуш иштери жүрүп жатканы маалым.

Маалыматка ылайык, КР Президенти быйылкы жылдын аягына чейин курулуп бүтүүгө тийиш болгон 15 мектепке жана бир бала бакчага мамлекеттик бюджеттен – 2,5 млрд сом, шаардык бюджеттен – 450 млн сом, жалпысынан 3 млрд сом бөлүнгөн.

Салыштыра кетсек, акыркы 10 жылда Бишкекте тогуз мектеп курулса, быйыл бир жылдын ичинде 17 мектептин курулушу аяктаган. Анын 15и – республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана эки мектеп донордук уюмдардын эсебинен курулган.

Борбор калаада курулган мектептерден тышкары, элет жеринде да мектеп курулушу жанданганы байкалат. Алсак, Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Сары-Камыш айылындагы З.Эгембердиев атындагы жаңы мектеп, Чүй облусунун Сокулук районундагы Конуш айылындагы мектептин жаңы филиалы  курулуп, балдар жаркыраган жаңы окуу класстарында билим алуусун улантууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн жана ошондой эле мугалимдер бөлмөсү, ашкана, жыйындар жана спорт залдары заманбап эмеректер, жабдыктар менен
жабдылган.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер