БИР ЖАРЫМ МИҢДЕЙ МУГАЛИМ ЫСЫК-КӨЛДӨ ЭС АЛАТ

  • 19.06.2025
  • 0

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 17-июндагы жыйынында “Кыргызстан кесиптик бирликтер” федерациясынын төрагасы Мурадил ЖУМАДИЛДЕ уулу бир жарым миң мугалим Ысык-Көлдө эс алаарын айтты.

 БИР ЖАРЫМ МИҢДЕЙ МУГАЛИМ ЫСЫК-КӨЛДӨ ЭС АЛАТ

Мугалимдер билим берүү системасына караштуу «Барчын» жана «Кызыл гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборуна жиберилет.

— 30-40 жыл иштеп, бир дагы жолу эс албагандар бар экен. Ошолорго биринчи шарт түзөлү деп 100 млн сомдой каралып жатат, — деди төрага.

Мындан тышкары, аймактарда лагерлерде мугалимдер жана балдары үчүн эс алуу уюштурулат.

Депутат Элдар Абакиров Кыргызстанда 90 миңге жакын мугалим бар экенин, анын бир жарым миңи бир эле пайызды түзөрүн, бул өтө аз экенин айтты. Келечекте 1%дан 15% жеткирүү керек экени баса белгиленди.

Мугалим эмгек өргүүсү учурунда жакшы эс алса, окуучуларга билим берүүгө дем-күч болот.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер