БИР АДАМДАН БИР КИТЕП

  • 03.02.2020
  • 0

Ат-Башы районундагы А.Чортеков атындагы орто мектебинде «Китепкөй Кыргызстан, пикеттин эмес, китептин өлкөсүн курабыз» аттуу улуу ураандын алкагында «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун ачылуу аземи болуп өттү. Аталган ишчарага окуучулар, мугалимдер жамааты, ошондой эле Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дөөткулов Дүйшөнбек, Нарын казыятынан Ибраев Мамбетасан  келип катышты. Аталган ишчарада катышуучуларга өзгөчө жагымдуу маанай тартуулап, окуучулар тарабынан китеп  тууралуу көркөм ырлар окулуп, улуу баян “Манас” эпосунан үзүндү, учкул сөздөр, макал-лакаптар айтылып, комуз күүсү жаңырып, ырлар ырдалып, бийлер бийленди.

БИР АДАМДАН БИР КИТЕП

Бул долбоордун уюштуруучусу Айдай Кубанычбекова тарабынан атайын демөөрчү тартылып, жаңы заманбап үлгүдөгү кабинет жабдылды.

БИР АДАМДАН БИР КИТЕП

БИР АДАМДАН БИР КИТЕП

БИР АДАМДАН БИР КИТЕП

БИР АДАМДАН БИР КИТЕП

БИР АДАМДАН БИР КИТЕП

БИР АДАМДАН БИР КИТЕП

  • Асанбеков Нурбек агабыздын жеке демөөрчүлүгү астында жасалган бул китеп бөлмөсүнө анын маркум жубайы, мезгилинде башталгыч класстын алдыңкы мугалими болуп эмгектенген Сатындиева Бааркүл Асанкадыровнанын наамы берилди. “Бир адамдан бир китеп” долбоору мындан ары да өз ишин китеп сүйүүчүлөр менен биргеликте Сатындиева Бааркүл атындагы окуу борборунда өз ишин өзгөчө дилгирлик менен улантмакчы. Бул долбоор башталганда Терек-Суу айылынын борбор калаада жашаган улан-кыздарына кайрылганыбызда, биздин өтүнүчүбүздү четке какпастан, бизде жетишсиз болгон жаңы китептерди белекке беришти. Бул саамалыкка жапа тырмак, жабыла аяк жалпы айыл тургундары жана окуучулар жигердүү катышып берүүгө болгон аракеттерин жумшашты. Бардык китеп белек кылган замандаштарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз! – дейт Айдай Кубанычбекова.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер